Мамбетжунушева Элнура Рыскелдиевна КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка КР Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечим Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тийиштүү жактарды бажы органдарындагы иштен бошотуу жана алар орноткон коррупциялык схемаларды жоюу максатында кабыл алынды.
Башка буйрук менен Торутаев Алтынбек Элимович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ