Интернет айдыңында “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун кара куурайдын (конопля) арасында отурган сүрөтү пайда болуп, кызуу талкууга түштү. Сагызгандай сак жүргөн Өмүке көп өтпөй эле муну байкап калды шекилдүү, анын сүрөтүн бирөөлөр фотошопто жасап койгонун айтып, фейсбуктагы баракчасында чыныгы сүрөтүн жарыялады. Көрсө, Бабанов азыр дыйканчылык менен алектенип, кант кызылчасынын бир канча түрлөрүн эксперимент катары айдап, ошонун убайымын тартып жүрүптүр. Анан талаада жөн жүрбөй кызылчалардын арасында отуруп сүрөткө түшүп, анысын соцтармактагы баракчасына жарыялаган экен, аны белгисиз бирөөлөр фотошопко салып, Токтогуловичти минтип кара куурайдын арасына отургузуп коюптур.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ