Menu

Бегалы Наргозуев: «УКМК жоюлуп, Контрчалгын кызматы түзүлүш керек. Укук коргоо органдарынын баары саясаттан четтетилиши зарыл”

Бөлүшүү:

“Мына, баарыбыз сындап жатабыз, бирөөбүз жаман көрүп, бирөөбүз ыйлап атабыз, укук коргоо органдары анын ичинде Коопсуздук комитети эмне иштерди жасап жатканын бирден санап берип жатышат. Айтсак, мисалы былтыр жазында Кубанычбек Кадыровдордун тобун жөн эле камап койду. Эмне үчүн жөн эле?” Ошолор жасаган ишти Атамбаев жана анын тегерегиндеги жан-жөкөрлөрү он эсе көп жасап жүрүшкөн”- деп билдирди кечээ, 24-январда өткөн “Социалдык тармактарга басым: кантип коргонуу керек” деген темадагы тегерек столдо экс-депутат Бегалы Наргозуев.

“Бул жерде Эдил Байсалов президент бирөөлөрдү кемсинткен сөздөрдү айтканы менен кылмышка чакыруу фактылары жок деп жатат. Атамбаев Ошко барып, элдин астында оппозиция келсе таш бараңга алгыла деп чакырып жатканынын видеосу деле турбайбы! Бул эмне кылмышка чакыруу эмеспи? Ага караганда Бекболот Талгарбеков анткен жок да. Талгарбеков “Ак үй алдында митинг кылабыз , тынчтык жол менен бийликти алабыз” деп эле айтып жатты, кылмышка чакыруу кылган жок. Анан жайында Талгарбековдорду камады.  Мына, 1-топтогу майып Темирлан Ормуковду Фейсбукта өз баракчасына жазып койгон ыры үчүн кыйнап атат, Атамбаевди сындадың деп. Ал ырда Атамбев деген фамилия жок, ажо деген гана сөз бар үчүн. “Юпи-гейттен” бүгүнкү “Белиз-гейтке” чейинки чагымдарчы?  Мунун баарын ким кылып жатат?  Укук коргоо органдары, Коопсуздук комитети. Азыр оппозицияны Ички иштер министрлиги да аңдыйт экен, тыңшайт экен.  УКМК да тыңшайт экен. Анан алар өз ара тымызын мелдешкендей жарышышат дейт. Ким көп тыңшайт? Ким Атамбаевге жаккан, бүйүр кызыткан маалыматты жеткирет докладной аркылуу жазып. Кээде докладной жазып жаткандар өздөрүнүн баалуулугун арттыруу үчүн, материалды “даамдуу” кылуу үчүн өздөрү да кошумчалап жазып коюшат экен. УКМК менен ИИМдин ортосунда ошондой көмүскөдөгү мелдеш да бар экен.  Муну эмне үчүн айтып жатам?  Эдил Байсалов айтып жатпайбы, “азыр сөз эркиндиги бар” деп. Мен ойлойм, сөз эркиндиги жылдан-жылга, күндөн-күнгө тарып баратат. Мына Рина Приживойт азыр эле айтты “Акаевдин учурунда анын күйөө баласы Адил Тойгонбаев келип “Вечерний Бишкек” гезитинин жарымын тартып алды” деп, бүгүн Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү барып, “Вечерний Бишкектин” 100%ын ээлеп алды. Алтургай анын ээси Александр Кимди дагы карыз да кылып коюшту. Азыр да Фейсбукта жазган посттору үчүн УКМК 45 кишини “кара тизмеге” алып коркутуп жатат. Бул ачык эле коркутуу. Ушул эле Атамбаевдин тегерегиндегилер “биз бийликке келсек, укук коргоо органдарын деполитизация кылабыз, саясаттан четтетебиз” деп жүрүшчү. Мурунку режимдерди сындашчу. Кана, 6-7 жылдан бери бийликте олтурушат, укук коргоо органдары деполитизация болуштубу? Саясаттан четтетилдиби? Мурункудай эле Ички иштер органдары дагы деле аңдыйт,  тыңшайт, 10-бөлүмүнүн кызматкерлери оппозициянын артынан аңдып жүрүшкөнүн баары эле айтып жатышат. УКМК дагы деле аңдыйт, тыңшайт. Ошондуктан мен сунуш кылат элем, биздин жарандык коом укук коргоо органдарын деполитизация кылуу, саясаттан чететтүүнү талап кылышыбыз керек. Биздин максаттарыбыздын бир багыты ушул болушу зарыл. Андан сырткары мен УКМК биздин кичине мамлекет үчүн кереги жок деп эсептейм. УКМК бийликтин колундагы өз оппоненттерин куугунтуктоочу органга гана айланып калды. УКМКны жоюп, анын ордуна өкмөттүн алдында Контрчалгын кызматын гана түзуш керек. УКМК өз функцияларын гана аткарышы зарыл. Ички иштер министрлигинен жанагы саясый аңдууну, тыңшоону жоготуш керек. Ички иштер министрлиги коомдук тартипти сактоо, кылмышкерлерди издөө менен гана алек болушу керек. Чакан Кыргызстан тургай килейген чоң мамлекеттерде, биздегидей күч органдарынан турган 3 министрликти бириктирип, бир гана Коомдук коопсуздук министрлиги деп атап алышкан. Биз кичинекей мамлекетпиз, күч органдары боюнча 3 килейген министрликти түзүп алганбыз.  Ошондуктан бүгүнкү жыйындын резолюциясында ушул УКМКны жоюп, анын ордуна Контрчалгын кызматын түзүү жана Укук коргоо органдарын деполитизация кылуу талабын кошуп жазууну сунуш кылам.  Мына, кечээ эле Сөз эркиндигин коргоо комитети “Ата-Бейитке” барып, жыйын өткөрдү. Ошолор да 1937-жылы УКМК жасаган иш да. УКМКнын атасы болгон ВЧКнын түзүлгөнүнө быйыл 100 жыл толуптур, ошондон бери бул саясый куугунтуктоолор салтка айланды. Ушул 100 жылдыктагы кайгылуу иштерди эске алып, биздин жарандык коом УКМКны жоюу боюнча чоң маселе көтөрүп, чоң күрөшкө чыгалы. Мына ушуну резолюцияга кошуп койсоңуздар”, – деди Бегалы Наргозуев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: