Menu

Ахматбек Келдибеков, экс-спикер: “Премьер-министр Темир Сариевдин Уңгар-Тоону Өзбекстанга берүү боюнча кол койгон протоколу өкмөттүн иш кагаздарынан тымызын алынып, жок кылынган”

Бөлүшүү:

– Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин тушунда гана Кытай жана Казакстан менен чек ара маселеси толук чечилиптир. Ал эми акыркы жылдары Тажикстан, Өзбекстан менен чектешкен аймактарда байма-бай чыр чыгып келет. Бул эки өлкө менен чек ара маселесин чечүүгө эмне тоскоол болууда деп ойлойсуз?

– Чек ара маселеси өтө кылдаттык, дипломатиялык жол менен, чек ара маселесин ийне жибине чейин билген, авторитеттүү Өкмөт мүчөлөрүнөн түзүлгөн, мамлекет башчысы – президенттин көзөмөлүндө турган атайын топ тарабынан чечиле турган маселе.

Кытай, Казахстан менен чек ара маселеси Акаев, Бакиев учурунда чечилген менен, биздин алсыздыгыбыздан, дипломатиялык жактан сүйлөшүү процессин жакшы жүргүзө албаганыбыздан жеке кызыкчылыгыбызды мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгондугубуздан улам биз, Үзөнгү-Кууштан, Каркырадан кол үздүк. Сары-Жаздын кээ бир жерлерин устукандап бердик.

Мындан көрө чечилбегени жакшы эле го, жерлер биздики бойдон калмак. Союз курган заставаларда, чек араны кайтарууга ыңгайлуу инженерлик чеберчилик менен курулган аскердик инфраструктураларды колдонуу менен биздин чек арачыларыбыз аймактын бүтүндүгүн камсыз кылып турмак. Биз андан дагы ажырадык. Мына чечилгендин жыйынтыгы.

Ал эми акыркы жылдары Тажикстан, Өзбекстан менен чектеш жерлерден чыккан чыр-чатактардын негизги себептеринин бири – мурунку президент Атамбаевдин олку-солку жүргүзгөн тышкы саясатынан жана анын оозунан коңшу өлкөлөрдүн жетекчилеринин дарегине айтылган ыплас, балит сөздөрүнөн болуп келген. Мисалы, маркум Ислам Каримов жөнүндө “ал өлгөндөн кийин сүйлөшөбүз” деп айтканын унута элек болсоңор керек. Мамлекет башчы ушундай ыплас, согушка алып келе турган сөздөрдү айтып жүрсө биз менен коңшулар сүйлөшөбү? Сүйлөшпөйт. Маселе чечилеби? Чечилбейт. Эң негизги тоскоолдук ушул болгон.

-Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун Ак-Сай менен Ворухтун чегинде жолукканы чырлуу чек ара маселесине чекит коё алабы? Коомчулукта бул сүйлөшүүлөр деле көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн бири болуп кала бербейби деген кооптонуу бар.

– Бул жерде белгилеп кете турган маселе биздин президентибиз жолугушууну “тарыхый жолугушуу” деп баса белгилегени абдан туура болду. Себеби буга чейинки президенттерибиз чыр чыккан чек ара айылына барып, коңшу өлкөнүн президенти менен бирге, эл менен жолугушуу өткөрүп, чек ара көйгөйүн чечүү аракетин такыр кылбаган. Мындай жолугушуу чынында кыргыз тарыхында биринчи болду.

Сооронбай Шарипович чек ара акыбалын көзү менен көрүп, эл менен жолугуп, ошол жерде коңшу өлкөнүн президенти менен сүйлөшүү процессин жүргүзгөнү чынында тарыхый жана өтө маанилүү жолугушуу болду. Анын жыйынтыгы келечекте сөзсүз жемишин берип, чек ара маселесине чекит коюлат, эки өлкөнүн элине тынчтыкты алып келип, достукту чыңалтат. Мен ага толук ишенем. Эми кооптонуу боюнча, албетте, эл арасында кооптонуу болот, эл деген эл, ар кандай сын пикирлер айтылышы мүмкүн. Себеби элибиздин басымдуу көпчүлүгү маселенин бүгүн же эртең эле чечилишин каалайт. Андай болбойт да.

Эки президент сүйлөшүү процессин тездеткенге, кайчылаш пикирлерди бир нукка салганга, айылдын көйгөйлөрүн оперативдүү чечкенге жол ачышып, чечим кабыл алышты, көзөмөлдү күчөтүштү. Калган иш өкмөттө, өкмөтүбүз канчалык алгылыктуу иштесе чек ара маселеси тез жана чатаксыз чечилет.

Бул дагы президентибиздин чек ара маселесин чечүүдөгү чын дили менен болгон аракеттеринин бири. “Баары салыштырмалуу”- деп бекер айтылбайт тура. Мен мурунку президенттин эл үчүн “жасаган” бир иш аракетин эске салып кетейин. Анын учурунда тажик туугандардан башка өзбек туугандарыбыздын чек арачылары Аксыда биздин аймакка кирип келип, биздин жолду бир нече күн тосуп алганда, ал жакка бармак турмай кабинетинен мурдун чыгарбай отурганын ким билбейт? Ал эле эмес, Бишкектен 10 чакырым аралыкта Дача-СУда учак түшүп кетип, жарандарыбыз талкаланган үйлөрдүн астында калган жакындарын таппай көз жаштарын төгүп жатканда басып барган эмес, же андай эмеспи? Мына анын бүтүргөн иши.

– Күбө катары суракка чакырылып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ушул аптада Москвага барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп келди…

-Бул жерде бүгүнкү бийликтин сабырдуулугун, Атамбаевга теңелип, анын сасык сөздөрүнө жооп бербегенин жана жеке кызыкчылыкты көздөп күч органдарына кийлигишпегендигин белгилеп кетүү керек.

Атамбаевдин учурунда ага каршы чыккандарды өзү каалагандай айыптап, сотторго кандай чечим чыгаруу жөнүндө көрсөтмө бергенин биз башыбыздан өткөрдүк го. Аны кечээ жакында Текебаев жөнүндө сүйлөп жатып мойнуна албадыбы.

Ал ошол учурда “мыйзам алдында баары бирдей, мыйзамды бузсам жооп бергенге даярмын”- деп үчүнчү класстын окуучусундай убада бергенин эч ким унута элек.

Бүгүн 180 градуска бурулуп, “бийлик мыйзам талаасынан чыгып кетти, мыйзам талаасына түшмөйүнчө суракка барбайм”- деген ормон опузасына бир жагынан күлкүң келсе, экинчи жагынан жарандарга “мамлекет мыйзамсыз иштеп жатат, мыйзамды аткарбагыла”- дегендей конституциялык нормаларга каршы жасаган чакырыктарына Башкы прокуратуранын, Конституциялык палатанын сотторунун унчукпаганы таң калтырат.

2007-жылы октябрда референдум аркылуу кабыл алынган Конституциядан тартып кол тийбестик эч кимде жок, “мыйзам алдында бардыгы бирдей”, бир гана иштеп жаткан президент үчүн оордошкон процедура калган. Ал эми Атамбаев таянган, убагында Текебаевдин авторлугу менен Акаев үчүн ойлоп тапкан мыйзам, 2007-жылдан тартып конституциялык нормаларга каршы келет.

Аны эчак эле Конституциялык сот жокко чыгарыш керек болчу. Азыр Атамбаевди конституциялык нормаларга каршы жасаган, үндөгөн чакырыктары үчүн жазага тартып, мыйзамдын алкагында жашаганды үйрөтүш керек.

Бийлик дагы бир жолу гумандуулугун, адамгерчиликтүү мамилесин көрсөтүп, анын Москвага барып келишине мүмкүнчүлүк берди. Акылдуу жана тажрыйбалуу президент Путин дипломатиялык тил менен “барып мыйзам чегинде иш кылыңыз, президентти колдоого алып, анын тегерегинде биригүү керек”,- деп ачык айтты, ал аны түшүнгөн жок, адатынча бурмалап элди алдоонун аракетинде. Анын Москвага бирге барган жан-жөкөрлөрүнүн бири жана рупору Карамушкина бүгүн эле NEXТ ТВда сүйлөп жатып, “Керек болсо бийликти уратабыз” (снесём) деп ачык эле айтканы кылмыш эмей эмне?!

– Мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев өзүнүн учурунда кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация жана демаркация маселеси дээрлик фиништик чекитине жеткендигин жар салып чыкты… Бул билдирүүдө канчалык деңгээлде чындыктын үлүшү бар деп ойлойсуз?

– Анын баардыгы жалган, Атамбаевдин катардагы апыртмасы. Жогоруда Аксыда өзбек туугандардын чек арачылары биздин аймакка кирип келип, биздин жолду тосуп алганын айттым, андан башка дагы эки-үч фактыга токтоп кетейин, ошондо баары түшүнүктүү болот.

Биринчи факты. Азыр чыр чыгып жаткан Ак-Сай, Ворухтун тегерегинде Бакиев, Адахандар кол койгон, коомчулук сындап жүргөн, чындыгында туура эмес, келишимдерди Атамбаев Жогорку Кеңешке ратификациялоого киргизгенде генерал агабыз Исмаил Исакович комитеттин төрагасы катары токтотуп, азыркы салынып жаткан жолду салуу боюнча ага 14 млн. сом бөлүп берүү сунушун Жогорку Кеңеште колдоого алынып, Өкмөткө тапшырма берилген. Кана анын чечилгени? Кана бүткөнү? Маселе чечилген дагы эмес, бүткөн дагы эмес. Чыр кайрадан чыкпадыбы? Маселе чечилсе, бүтсө чыр чыкпайт эле да. Мына жолдорубуз эми салынып жатат.

Экинчи факты. Чек ара маселеси боюнча сүйлөшүү процесси Атамбаев учурунда анын сүймөнчүк вицелери Атаханов, Мамытовдор чек ара маселелерин тейлеп жүрүшкөндө алар дагы мурунку президенттердин жолуна түшүшүп, биздин кызыкчылыкка төп келбеген протоколдорго кол коюлуп, Аксыдан – Уңгар-Тоо, Сары-Булак, Ала-Букадан – Көк-Таш айыл өкмөтүнөн, Гавасай жалпы аянты 19 миң 200 гектар жерлер өтө баштаганда, Аксыдан Азимбек Анаркулович баштаган коомчулук каршы чыккан.

Жогорку Кеңеште генерал Исаков агабыз алардын туура эместигин далилдеп, Атамбаевге сүйлөшүү процессин кандай нукта жүргүзүү керектигин, кайсы укуктук документтерге таянуусунун концепциясын ачык кат аркылуу сунуштаганда гана баш аламандык токтогон, протоколдогу койгон колдорунан баш тартышкан, ал эми анын премьер-министри Т.Сариев Уңгар-Тоо боюнча кол койгон протоколу өкмөттүн иш кагаздарынан тымызын алынып, жок кылынган.

Аны Атамбаев унутса дагы каршы чыккан коомчулук унута элек. Генерал Исаков агабыздын Атамбаевке жазган ачык катын жарыялап, элдин эсине салып койсоңор анын жалганы дагы оркоюп чыгат. “Калпычынын казаны кайнабайт”- деп, биздин акылдуу ата-бабаларыбыз бекер айтышпаптыр да.

Үчүнчү факты. Баарыбыздын эсибизде Каркыраны кайтаруу үчүн Нурсултан Абишевичке “чөгөлөп барам” дегенин ким уккан эмес? Жалпы эл, коомчулук, бүт кыргыз эли уккан, азамат деп сүйүнгөн. Жыйынтыгы эмне болду? Чөгөлөп бармак турсун оозунан “муу” деген сөз чыккан жок, тескерисинче Назарбаев аксакалдын дарегине оозго алгыс ыплас сөздөр менен каралап, чек араны жаптырып, канчалаган жарандарыбызды банкрот кылдырды. Мына анын маселени чечкени, ишти бүтүргөнү.

– Соцтармактарда айрым саясатчылардын тарапташтары “Кумтөр” алтын кенине Асылбек Жээнбековдун тийешеси бар деген кинелерди айтып жатышат? Кумтөр менен Асылбек Жээнбековдун ысымын байланыштыруу мүмкүнбү?

– Бул суроого так кесе эле жооп бере алам, Жээнбеков Асылбектин “Кумтөргө” тиешеси жок. Анткени “Кумтөр” боюнча келишим түзүлгөндө ал киши бир дагы мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Ошол кезде өкмөттүк жана депутаттык комиссия иштеп, денонсация маселесин көтөрүп чыккан. Биз комиссиялардын ишинин жыйынтыгын караганбыз. 5-чакырылыштагы парламент “Кумтөр” маселеси боюнча келишимге өзгөртүү киргизүү же толуктоо сыяктуу бир дагы маселени кабыл алган эмес. Ал жөнүндө видеолорду көрдүм. Асылбек Жээнбековдун спикер катары жыйынды алып баргандагы сөздөрүнүн кээ бир үзүндүлөрүн алып жарыялап жатышат. Төрага эч качан жалгыз чечим кабыл ала албайт. Мен спикерликтен кеткенде Атамбаевдин түздөн-түз көрсөтмөсү менен Салянова айым Жогорку Кеңештин атайын өкүлчүлүгүнүн ачылышына жалгыз мени күнөөлүү дегендей аны дагы каралоо аракеттеринин бири. Атамбаев бул ыкмаларды жакшы өздөштүргөн. Азыр мындай номерлери ишке ашпайт, элдер дагы ишенбейт.

– Садыр Жапаровдун абактан чыкпай жаткандыгы боюнча Асылбек Жээнбековдун тиешеси бар деп айыптап келгендер болууда.

– Биринчиден тактап алалы, Садыр Жапаровду Алмазбек Атамбаев жоопко тарткан. Бул жерде Асылбек Жээнбековдун кандай тиешеси бар? Эч кандай тиешеси жок. Бул алардын катардагы апыртмаларынын бири.

Маектешкен: Алтынай Ормотоева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: