Menu

Текебаевди кимдер сары улактай садага чапканы турушат?

Бөлүшүү:

Учурда саясатчыларыбыздын оюн ышкылары күчөп турган кез. Кээ бирөө корккону үчүн жанын сактап калууну ойлосо, айрымдары интригадан пайда таап кетүүгө жандалбастайт. Эң башкысы, ар ким саясатта кандайдыр бир күчкө ээ болуу үчүн, эл астынан упай алууга ашыгышканы жалганбы?

Бүгүнкү күндө саясатта фаворит болуп, элдин баары эле Текебаев жөнүндө сөз кылып калды. Мактаганы бар, туздаганы да жетиштүү дегендей. Ал 25 жылдан бери бирде бийиктикке чыгып, кээде көчөдө калса да, акыры күчтүү саясатчы катары өзүнүн бекем эркин көрсөтүп келатат. Акаевдик, Бакиевдик режим тушунда да бийлик менен күрөшчү. Азыркы учурда саясаттагы үзөңгүлөшү Атамбаевге каршы чыгып, Конституциянын өзгөрүшүнө каршы байма-бай пикири менен бетин ачып алды. Эми Текебаев үчүн артка жол жок. Учурда толгон-токой маалымат булактары аны тепкиге алып, ошого катар Акүйгө ыктаган саясый күчтөр, ошол эле кесиптеш депутаттары да төө бастыга ала башташты. Мындай шартта кантип туруштук бериш керек? «Ата Мекен» фракциясында болгону он бир депутат бар. Булар деле ойт берип кетиши мүмкүн. Эмесе, аларды Ө.Чиркешович коомдук пикирге таянып, көчө оппозициясына жана ЖКдагы Атамбаевди жек көргөн эл өкүлдөрүн өзүнө тартып, кандайдыр бир саясый күч түзүүгө шашылышы зарыл. А болбосо улам убакыт өткөн сайын акыбалы оорлошо берет.

Маселен, оор салмактуу саясатчы Ахматбек Келдибеков жакында эле Конституциянын өзгөрүшүнө көз карашы түз экенин, президенттин позициясын колдой турганын кыйытты. Ахмат мырза убагында Текебаев менен конфликтке түшүп, аягы чоң скандал менен спикерлик кызматтан кол жууган. Кийин ушул эле Ата Мекен» фракциясынын лидеринин интригасынын айынан түрмөгө камалаганы да айтылып жүрөт. Сыягы, Келдибеков эски душманынан өч алмайынча жаны тынчыбайт го. Бир чети анын саясый комбинацияларды жакшы жүргүзөөрүн эске алсак, түштүктө электораты дагы жетиштүү, демек, бул оңой жоо эмес. Анүстүнө ажонун эң жакын адамы Икрам Илмиянов менен да мамилесин чыңдап алыптыр… Ушуга катар Өмүрбек Бабанов менен Жантөрө Сатыбалдиев да Текебаевдин соккусунан улам премьер-министрлик кызматтардан ыргып кетишкен. Булардын да кеги ичинде сакталып турат. Андан сырткары, майда-барат саясатчы, чиновниктердин армиясы «Ата Мекен» партиясынын желеги кыйшайса эле тебелеп кетүүгө даяр.

Ал эми парламенттеги башка фракциялардын лидерлери, маселен, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов ж.б. таасирдүү депутаттар, кландар күч кайсы тарапка ооп кетсе, ошол жак менен мамиле куруп, келечектеги саясый карьераларын аныктагылары келишет. Ким эле тагдырына балта чаптыргысы келсин? Азыр саясаттагы тобокелчилердин түптүз түрмөгө кетип атканына күбө болуудабыз. Же түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыздардан дагы «башы жок чабандестер» чыгабы?..

Акылбек БЕКЧОРОЕВ

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: