Menu

Аскар Шадиевдин АКШга ала качкан миллиондору же камактагы мүлктөрү кантип сатылды?

Бөлүшүү:

Азыр Америкада качып жүргөн, мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты, 1-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге жакында үчүнчү кылмыш иши козголду. Мындан мурда КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы 30 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү сыйлыгы, андан кийин чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү боюнча иш козголгон эле. Бул ирет 4-июлда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Жаштык айылындагы май куюучу жайдагы жалпысынан алты адам жабыркап, бир нече автомашиналар күйүп кеткен өрттөн да А. Шадиевдин кулагы көрүнүп, үчүнчү кылмыш иши ачылды. Көрсө, укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, алгач учкун ошол жердеги кампадан чыгып, андан соң май куюучу жайга өтүп, баарыбыз интернеттен видеосун көргөндөй, жарылуу болгон экен. Ал кампа апасы Айсанам Шадиевага жазылгандыгы айтылууда. Дагы жакшы Кудай жалгап, окуя кечке маал, эл менен техника кызуу жүрүп турганда болгондуктан, тегерек-четтегилер качууга үлгүрүп, адам өмүрү кыйылган жок. Анткен менен эки мамлекеттин онго жакын өрт өчүрүүчүлөрү кечки саат 20:30дарда жалындаган өрттү таңкы саат алтыларга чейин өчүргөндүгүнө караганда, бир топ эле материалдык чыгым болгон окшойт.

А. Шадиев бизнесин тартып алгандар өч алып атышабы?

А. Шадиев кечээги күнгө чейин бизнес менен карьераны бирдей алып жүрүп, жалпысынан эки миллиард долларга жакын байлык топтосо да эч кимге, жада калса кичи мекени менен өзүнүн айылына жарытылуу жардам берген эмес. Ал тургай Баткен облусунун губернатору, Энергетика, Каржы министри болуп турганда бир терек тигип, жол оңдоп же кайрымдуулук иштерин жасагандыгын эч ким айта албайт. Кайра “Лөлүдөн баатыр чыкса өз элин чабат”, — ​демекчи, кызарган жерлердин баарын басып алып, аларды бир туугандары менен жакындарына жаздырып, талап-тоноп, иштетип келди.

Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын жашоочулары көпчүлүк көмүр шахталары менен базарлар Шадиевдерге тиешелүү экендигин жакшы билишет. Ошол эле жарылып, өрттөнүп кеткен Жаштык айылындагы Тажикстан менен чек ара шарттуу түрдө бөлүнгөн чоң трассанын бери жагына каз катар салынган май куюучу жайлардын көпчүлүгү да А. Шадиевдин бизнес-империясы экендиги мурда эле эл оозунда айтылып жүргөн. Качан гана кырсык болгондо мамлекеттик органдар бул тууралуу тастыктаган маалымат берүүгө мажбур болушту.

Ким билет, кечээ эле А. Шадиев депутаттыкка ат салышабы же жогорку кызматка отурабы, астына килемдей төшөлүп, кошоматка кой сойгон достору ушунчалык мамлекеттин байлыгын талап-тоногондугуна кыжыры келиштиби же адаттагыдай ооматы оогон адамдан алыстай башташтыбы, айтор азыр жердештеринин арасында бул адамга жек көрүү сезими күч алууда. Ал эми А. Шадиев жана анын туугандарына бизнесин тарттырып койгондор кайра талашып, колунан келгени алып коюп жатышкандыгы айтылууда. Айрым маалыматтар боюнча, Жаштык айылындагы май куюучу жайга өткөн кампадагы өрт да А. Шадиевден ыза көргөндөрдүн өч алуусу болууда. Анткени өзү кибиреп, бирөө-жарым менен “эркекче” сүйлөшө албаган менен жарды-жалчы менен муктаждарга бир сом кайрымдуулук кылбаган зыкым неме “караларга” акчасын аябай, жолун торогондорду уруп-сабатып жүргөндүгү да белгилүү болууда.

Аркадагы аткезчилик менен ташылган күйүүчү майлар

Бизге окшоп бир тамчы күйүүчү май менен газ өндүрбөгөн Тажикстан бул отундун түрлөрүн негизинен Кыргызстан аркылуу алат. Күн сайын Бишкек-Ош жолуна сапарга чыккан жүздөгөн 30–40 тонналык май ташуучу чоң машиналар Лейлек районунун Арка өрөөнүндөгү жогоруда айтылган 70ке жакын май куюучу жайларга барып, ал жерден Тажикстандын 5–6 тонналык майда май ташуучу “бензовоздоруна” куюлуп берилет же май куюучу жайларга төктүрүлүп, андан ары асфальттын асты менен жолдун аркы тарабындагы кошуна өлкөнүн май куюучу жайларына куур аркылуу агызылат.

Баарынан өкүнүчтүүсү, күн сайын жүздөгөн машиналар миңдеген тонна майды ташып, миллиондогон сомдор айланган бул бизнестен Кыргызстандын казынасына бир сом да түшпөйт. Ал эми күйүүчү майлар Россиядан ички рыногунан да арзан баада пошлина төлөнбөстөн Кыргызстанга деп алынып, Тажикстанга ушундай коррупциялык схема менен өтүп турат. Мындан тышкары өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген кан жолду бузуп, асфальттын аталасын чыгарып, күн сайын ондогон адамдардын өмүрү кыйылган автокырсыктар да дал ушул 30–40 тонналык май ташыган машиналардын айынан болууда.

Тажикстан ЕАЭБге мүчө эмес. Ошондуктан ал жакка өткөн жана биздин аймагыбызга кирип жаткан ар бир товардан белгиленген тартипте бажы салыгы алынууга тийиш. Бирок Арка өрөөнү өзүнчө эле Сицилияга айланып, аткезчилик жүктөр да, маңзаты, күйүүчү майы кошо ташылып турат. Кыскасы, Кыргызстандын эле эмес, бүтүндөй ЕАЭБдин экономикасына ушул анча байкалбаган аймактан эбегейсиз зыян келтирилүүдө. Андыктан эгер жаңы бийлик чындап эле коррупцияга каршы күрөш жарыяласа, биз айткан маселеге көңүл буруп, эки өлкөнүн чек арасындагы аткезчилик менен ташылып аткан товарлардан салык алса жана май куюучу жайлардын ээлерин тактаса, мамлекетибиздин какшыган казынасына аз эмес акча түшөт эле.

А. Шадиев кантип миллиардер болду?

Жеке керт башына келаткан жамандыкты шайтандан да бат туюп-сезген А. Шадиев өзүнө козголо турган кылмыш ишин алдын-ала билип, Тажикстан аркылуу дарыяны кечип, андан ары АКШга жеткен соң УКМК менен Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, банктагы акчаларын, мүлктөрүн камакка албады беле. Ошондо баарыбыз анын 25 банкта жалпысынан 7 млрд АКШ долларына жакын накталай акчасы бар экендигин угуп, эсибиз ооп кала жаздаган. Анткени ал 25 жыл бизнес менен алектенсе да мынчалык байлык топтой алмак эмес. Жада калса күндө күмүш, айда алтын тууп турган бизнеси барлардын да мынчалык накталай акчасы болбосо керек.

Ишенимдүү булактардын маалыматы боюнча, А. Шадиев алгачкы президент, адашы А. Акаевдин тушунда губернатор, министр, депутат болуп жүргөндө анын балдары менен кыздарынын “тилин таап” “Датка” деп аталган Бишкектин чок ортосундагы 10го жакын май куюучу жайларынын сегизин Айдарга белекке берген. Кийин бул “берешендигинин” үзүрүн көрүп, жогорку кызматка жетип, карьерадан акча жасоого жетишкен.

Бирок К. Бакиев президент болуп турганда бул шылуунду бийликтин короосуна анча жакындаткан эмес, депутат болуп эле жүргөн. Ал эми 2010-жылдагы апрель төңкөрүшү менен такка отурган А. Атамбаевдин тилин “баш вазири” И. Илмиянов аркылуу таап, “кошелогуна” айланган. Дал ушул А. Шадиев Энергетика министри болуп турганда азыр Россия бийлиги доолап, Гаага сотуна беребиз деп аткан Жогорку Нарын ГЭСтерине ири өлчөмдө кредит алынып, 37 млн доллардын дайыны чыкпай калган. Балким, Куба, Аргентина баш болгон Латын, Африка материктеринин ондогон мамлекеттерине миллиарддаган доллар карызын жөн эле кечип койгон эбегейсиз бай Россия мамлекети үчүн 37 млн доллар акча деле эмес, кечип деле жибермек. Тилекке каршы бул акча А. Атамбаев жана анын тегерегиндеги шылуундардын сол чөнтөгүнө түшүп кеткендигине кыжыры келген Кремль, жеке президент В. Путин кечире албай, кечпей, минтип Гаага сотуна беребиз деп атат. Ал эми А. Шадиев ал кездеги министр катары бул “Нарын дарыясына агып кеткен” 37 млн доллардын дайынын эң жакшы билет.

А. Шадиев 30 миң доллар үчүн эле дарыяны кечип, океанды “сүзүп”, дыргаяктап качып, АКШга качмак эмес. Ал мурда эле качууга даярданып, ал тургай Лос-Анжелестен пентхаус сатып алгандыгы тууралуу маалымат бар. Визаны да даярдап койгон. Ал эми банктардан табылган 7 млн доллар жана отузга жакын компания, фирмалары сатууга үлгүрбөй калгандыгы. Акчасынын көп бөлүгүн эбак эле океандын ары жагына которуп жибергендиги, жалпысынан 27 млн долларды алып кеткендиги тууралуу маалымат бар. Түштүк магистралдагы азыр соодасы кызуу жүрүп жаткан “Ала-Арча” супермаркетин дагы башка олигарх-досунун атына каттата койгонго жетишип, азыр кирешесин алып жатат. Бул соода комплекси жакында ишке киргендигин УКМК өзү тастыктаган. Бирок мүлкү камакка алынган соң, “Ала-Арчанын” кантип сатылып кеткендиги табышмак болууда. Эмне үчүн ага кылмыш ишин козгогон органдар сатуу-алуу операциясын токтотуп калышкан эмес? Балким бул “соодага” кайсы бир чиновниктердин тиешеси болуп жүрбөсүн…

Мындан тышкары К. Бакиевдин доорунда “Ширшовдун схемасы” деген аталышка ээ болгон өлкөбүздүн энергетика тармагын тоногондой, чет өлкөлөрдөн Датка-Кемин электр чубалгысы, түндүк-түштүк альтернативалуу жолу сыяктуу ири долбоорлорго деп алынган А. Атамбаевдин тушундагы миллиарддаган долларлардын кантип дайынсыз жоголгондугун ушул А. Шадиев эски бийликтин кошелогу, “мультимиллионердин” схемасынын автору катары жакшы айтып бере алат…

А. Жапаров

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: