Menu

Анапия Раимбекова: “Артыкбаевдин таза иштеген инсан экенин эли – жери бүт билет”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анапия Раимбекова Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата козголгон кылмыш иши тууралуу өз пикирин билдирди.

Раимбекова, Артыкбаевди эл үчүн гана иштеп келе жаткан инсан деп эсептерин айтты. “Осмонбек Артыкбаев биз абдан сыйлаган, урматтаган, Токтогул өрөөнүнөн чыккан кыйын агаларыбыздын бири. Эл үчүн иштеп, эл үчүн кызмат кылган адам. Өнүп өскөн жери да, өзү да таза инсан. Осмонбек агайдын ата-бабалары Артыкбай калпа болгондугун баса белгилеп кетким келет. Чоң атасы Артыкбай калпаны бүтүндөй Кетмен-Төбө өрөөнү эле эмес, Анжиян, Аксы аймагына чейинки эл урматтап, сыйлашчу. Артыкбай калпанын касиетинин алдында, Кудайдын кудурети менен канча адам дартына даба тапкан. Анан кантип ошондой касиеттүү калпанын небереси жаман иштерге барсын? Барбайт! Актыгын далилдейт деп ишенем!

Артыкбаев Токтогул районуна канчалаган мектептерди, көпүрөлөрдү десе көпүрө куруп берип, элде эмне муктаждык болсо бүт ошонусун аткарууга жардам берип жүргөн адам. Эл үчүн деп келе жаткан инсан. Көп маданий иш-чараларга салым кошуп, чыгармачыл адамдардын көбүнө колунан келген жардамын аябай берип келет. Баш байгеге коюп акындардын айтышын уюштурган. Чыгармачыл адамдарга ар дайым колдоо көрсөтүп келет. Айрымдар карасантайлык кылып эле Артыкбаевди каралап жатышы мүмкүн деген ойлор да бар. Артыкбаевдин таза киши экенин эли-жери бүт билет, жердештери билет.

Учурда ал ден соолугу начар болуп ооруп жатат деп уктум. Акыйкаттык болот деп ишенем”, – дейт Раимбекова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: