Menu

Бактыгүл Жумабаева: “Максимди мактаган Акматалиев элден таяк жесе, Шыкмаматов ага чейин эле менин акчамды төлөбөй качкан”

Бөлүшүү:

Бактыгүл айым Теңир-Тоодогу адилетсиздикке каршы иштерде ар убак алдыңкы сапта жүрчү. Борборго келген бул жолку сапарында гезит окурмандары үчүн да кызыктуу кеби бар экенин айтканынан улам, сөз кезегин буруп турган кербезибиз.

– Бактыгүл айым, 7-апрель революциясынын баатыры катары азыр саясаттан тыш калбай, Нарын облусундагы саясый өнөктүктөргө дагы деле активдүү катышуучу болуп жүрөсүзбү? Нарындагы сиз сындуу активисттер Башмыйзамдын айынан кырдыбычак абалга кептелишкен бийлик жана ага каршы жээктегилердин “спектаклдерине” кандай көз карашта болуп жатышат?

– Мен азыр 7-апрель баатыры болбой калгам. 2010-жылдын 7-апрель революциясынан кийин бийликке келишкен эрендер электр энергиясын эски бийлик тушундагыдай кайрадан кымбаттатышканда баатырлыкты бекемдеген күбөлүктү өрттөп ыргытып, төш белгини тапшырып салгам. Ал эми Башмыйзам боюнча талкуу уюштурганы элге бийлик тараптан эч ким деле барган жок. Ачыгын айтыш керек, Башмыйзамдын элге жакпаган жактары деле абдан көп. Элге кызмат кылбаган көп мыйзамдар жазылып калган. Андыктан, элге иштей тургандай мыйзамдар кабыл алынса эл деле макул да.

– 2010-жылдын 7-апрель революциясына саналуу күндөр калганда БЭКтин курамындагы Азимбек Бекназаров, Алмамбет Шыкмаматов Нарынга барган турбайбы. Көп сөз айтылууда…

– 2010-жылдын 7-апрель окуясына чейин Нарында уюштурулуп жаткан митингге Эркин Асаналиев, Адыл Эсенбеков жана өзүм баш болгон ошол кездеги облус тургундарынын атынан түзүлгөн “21-кыймыл” деген жергиликтүү активисттер бакиевдерге каршы көтөрүлүштүн облустагы баштоочулары болуп турдук. Биздин көтөрүлүшүбүзгө андагы БЭК, кийинки Убактылуу өкмөт, ошол эле Азимбек Бекназаров, Алмамбет Шыкмаматовдордун кыпындай да тиешеси жок. Биздей карапайым эл андагы бакиевдердин элдин жонунан эсепсиз кайыш тилишип, уюлдук телефон менен электр энергиясынын кымбаттатышына каршы болуп чыкканбыз. Мына ошол “21-кыймыл” 2010-жылдын кыш айларында электр энергиясынын кымбатташына каршы андагы кыргызга кетпес кегиндей кыянаттык иш жасаган каргыш тийгир өкмөт башчы болгон Данияр Үсөновдун кабылдамасына келип, андан соң оппозициянын “Форумдагы” штабына барып, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев баштаган өкүлдөргө жолугуп кайтканбыз. Мына ошол жерден кыжырданган жалпы элди бийликке каршы 7-апрель күнү көтөрүүнү сүйлөшкөнбүз. Анткени булар баардык региондор менен байланышып турушту да. Андан соң 7-апрелге саналуу күндөр калганда Азимбек Бекназаров, Алмамбет Шыкмаматов, Самсалы Четинбаев жана булардын айдоочусу болуп, төрт адам биздин Нарынга келишти. 4-апрелден баштап булар менен биргеликте биздин үйдө болдук. Азимбек Бекназаров 5-апрель күнү бизди Нарын облусунун андагы губернатору Алмазбек Акматалиевге “элге өтсүн, эгер Алмазбек Акматалиев карапайым элге өтсө, биз бул жакта Курултай кылып кете беребиз” деген салам-дубайын айтып жиберди. Губернаторго мен, Шермамбет, Жолдубай деген активисттер болуп барсак, Алмаз Акматалиев Максим Бакиев башындагы турган ЦАРИИнин ишин айтып, “Максим Бакиев инвестиция тартып жатат, жакшы иштерди жасап жатат” деп элге каршы иштеген каргыш тийгир ханзааданы тим эле укмуш кылып мактап кирсе болобу? Кыргызга каршы иштеген дили бузук Максим Бакиевди мактап, эл тарапка өтпөйм дегенинен биз да андан түңүлүп баса бердик. Ошол ирмемдерде жакшылык көрбөгүр Максим Бакиевди мактагандар кыргызга жакшылык кылат беле? Үйгө келип, Алмаз Акматалиевдин Максим Бакиевге болгон “симпатиясын” Азимбек Бекназаровго айтсак, кыска эле “болуптур” деп койду.

Ошол мүнөттөрдөн тартып, биз 7-апрелге карата уюштуруу иштерин, элге түшүндүрүү иштерин баштадык. 6-апрель күнү жаалданган эл Талас облустук бийлигин алганын уктук. Биздин арабыздан да Таластагыдай бийлик өкүлдөрүн сабап туруп, бийликти алууну бирөө демилгеледи эле, Азимбек Бекназаров буга каршы чыгып, элди токтотту. Ошол эле күнү кечинде бизге “Алмазбек Атамбаевди кармап кетишти” деген кабар жетти. Анан эле Нарындагы митингдин негизги баштоочусу Эркин Асаналиев “Роза Отунбаева Азимбек Бекназаровду издеп жатат” деп калды. Мен ага “ал жок, качып кеткен” деп койдум. Бул убактарда Азимбек Бекназаров менен Алмамбет Шыкмаматов биздин үйдүн 2-кабатында болушчу. Алмамбет 1-кабатка түшүп, “эже, ылдамдатып үй таап, бизди качырыңыз, мунубузду Адыл Эсенбеков да укпасын, эч ким билбесин” деп абдан коркуп, тынчы кетип жатты. А мен булардын “Ата Мекен” партиясында чогуу жүрүшкөнүн билбепмин. Мен Айтбүбү, Кенже деген өзүмдүн ишеничтүү кошуналарым менен Талант деген жигитти чакырып, короомдун ичинде негизги дарбазамдан тышкары үйдүн арт жагындагы каалганы ачып, сыртта жаалданып турган УКМКнын облустук башчылары менен милиционерлерди, элди жазгырыш үчүн дөңсөөдөгү мүрзөдөн бизди атайын кызматтын балдары атканы жатышат, жыйналыш болот, көчөгө чыгууларын суранып, атайын көз будамайлап туруп, эшиктин алдындагы светти автоматтан өчүрүп салдым. Анткени баары жабалактап биздин үйдө турушкан. Биздин үй штаб болгондуктан Бекназаров менен Шыкмаматовду кармап тура берсек, бакиевдердин күч органдарындагы “чач ал десе баш алышкан” желдеттери кармап кетишмек. Ошол ирмемдерде элдин назары башканы көздөй бурулуп калганда Азимбек Бекназаровго баламдын дубленкасын, башына топусун, Алмамбет Шыкмаматов өзү кызыл куртка кийип барыптыр. Ал боюнча сыртка чыкса атайын кызматтын балдарына билинип калат экен деп өзүмдүн кара курткамды кийгизип, үйдүн артындагы эл билбеген каалга менен чыгарып, экөөнү Талант деген балага кошуп берип качыргам.

– Ошондо окуя түн жарымда болуп жатат да ээ? Качып баратышып Азимбек Бекназаров менен Алмамбет Шыкмаматов экөө сизге эмне дешти?

– Ооба, 6-апрель күнү кечинде болуп жатат да. Ошол түнү Адылбек Эсенбеков баштаган “21-кыймыл” деп аталган топтун курамындагы активисттер өзүбүз калдык. Эч нерсе дешкен деле жок. Азимбек Бекназаровго баламдын дубленкасын, топусун кийгизип жатсам “кийбейм” деп тырчыйт. А мен ага карабай кийгизип салдым. Бул экөө Атамбаевди камап кетишкенин угуп, өздөрү да Роза Отунбаева менен байланышып турушту.

– 7-апрель күнү облустук бийликти кантип алдыңар анан?

– Ошол күнү таң эрте Азимбек Бекназаров менен Алмамбет Шыкмаматовдор келишти. 6-апрель күнү экөөнү УКМКнын балдары камап салбасын деп жашыруун бир үйгө качырып, сактап калдык да. 7-апрель күнү саат 10го жетпей бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусунан тажаган эл жаалданып чыгып, бир заматта облустун борбордук аятына толуп калышты. Эл толгондо облустук администрациянын ичине топтолгон милиционерлер элдин тынчтык жол менен чыгып кетүүсүн талап кылышканда каршылык көрсөтпөстөн эле чыгып кетишти. Андан соң губернатор Алмазбек Акматалиевге калың эл “21-кыймыл” деп аталган топтогу активист айымдарды жөнөтүштү. Мында да губернатор чыкпай койду эле жаалданган эл анын иш бөлмөсүнө кирип барышып, эшикке алып чыгышты. Андан соң калың элдин алдына чыгарышып элге өтүүсүн өтүнүшсө да болбой коюп, кайра облустук администрацияга качып кирип бара жатканда жаш балдар жетелеп чыгышты. Ачууланган элдин арасынан бирөө Алмаз Акматалиевди май куйрукка катуу тээп туруп жолго салса, Бектурган Майлиев аттуу университетте иштеген адам аны жетелеп башка жакты көздөй алып кетти. Ошентип Максим Бакиевди айга-күнгө теңеп жаткан Акматалиевден эл бир заматта бийликти алып, өзүн жолго салып коюшту. 7-апрель күнү облустук бийлик саат 11ге жетпестен элдин колуна өттү.

– 7-апрелден соң кандуу бийликти кулатуудагы эрдигиңизди андагы Атамбаев, Текебаев, Бекназаров баштаган “убактылуулар” билиштиби анан?

– Билишмек тургай, кеп дагы кылышкан жок. Меникин билишпей эле койсун, революцияга эбегейсиз салымын кошкон Эркин Асаналиевди эстеп да коюшкан жок. Ошол кездеги “21-кыймыл” деп түзүлгөн топтогу активисттерди билгенди кой, саламга жарашпады.

– 7-апрелге чейин Азимбек Бекназаров менен Алмамбет Шыкмаматовду үйүңүзгө кастарлаган турбайсызбы, аларчы?

– Ал экөөнү кастарламак түгүл, төрт күн бактым. Аянтка келген элге суу, нан тараттык. Өзүм соода кылгандыктан, анын баарын карызга жаздырып алып келе бериптирмин. Ошол убакта Алмамбет Шыкмаматовдун төш чөнтөгүндө толтура акча жүргөн. Кийин ал карыздардан андагы губернатор Адылбек Эсенбековдон алып, зорго кутулбадымбы. Эмгегибизди билгенди мындай кой, төрт күн үйүмдү штаб кылып, булардан бир сом да алганым жок.

– Кийин ошол эле Алмамбет Шыкмаматов чиновник болуп, “майланыша” байыганын өлкө жетекчилери баш болуп айтып жатышпайбы. Кыйын кырдаалда нан, тузуңузду таткан, алактап коркуп, качырып жиберүүңүздү өтүнгөн ал сизге салам берип, катташып турабы?

– 2010-жылдын июнь айында бекен, Алмамбет Шыкмаматов Нарынга келгенин укканда ага тасмалымды жайып, козумду союп, бир коноктогом. Ошол боюнча саламга, бир кайрылып келгенге жарабады.

– БЭКтин штабынан каражат бөлүнгөн эмес беле?

– Убактылуу өкмөт “элди алып чыктык, бизди эл ээрчип, революция кылдык” деп төш кагып жатышпайбы, эл буларды ээрчип чыккан жок. Карапайым эл өзү чыкты. БЭКтин штабынан бизге акча деле келген эмес.

– Нарында Шыкмаматовду баалаган жан барбы деги?

– Эл таптакыр ээрчибейт. 7-апрелден соң парламенттик эки ирет шайлоо болбодубу, мына ушул шайлоолордо “Ата Мекен” партиясы бактын башына эмес, андан башка жерлерден өйдө кызыл чүпүрөк байлашса да ээрчибей, артта калбадыбы? Эл ушуларды ээрчисе 1-орунду албайт беле? 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо бийлик “Ата Мекен” партиясын “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын ордуна киргизип койгондору жалганбы? Элди алдап, мародерчулукка шектелип жаткандарды эл ээрчийби? Буларды ээрчисе өздөрүнүн чөйрөсүндөгүлөр ээрчиши мүмкүн. 31-августтагы эгемендүүлүк күнүндө президентибиз Алмазбек Шаршенович Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө карата айткан сөздөрүнүн өтөөсүнө чыгышы керек. Эгер мародерчулук кылышса, мыйзам алдында жооп беришсин да, туурабы?

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: “Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: