Menu

Нарын ОИИБи: Интернет булактарында Кара-Кече филиалы боюнча тараган маалымат чындыкка дал келбейт

Бөлүшүү:

Интернет булактарында Кара-Кече филиалы боюнча тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, интернет булактарына кечээ, 6-октябрь күнү саат 15:00 чамасында Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалын криминалдык авторитет М.Кадыркулов каймана аты “Саяк” уюштурган белгисиз адамдар басып алгандыгы жана кассадан акча каражаттарын алып кетишкендиктери ошондой эле көмүр кесимде көмүрдү белгисиз адамдар эч кандай документи жок, акча төлөбөстөн алып кетип жатышкандыктары маалымдалган.

Аталган факты Жумгал РИИБи тарабынан каттоого алынган.

Азыркы учурда бул факты боюнча Жумгал РИИБнин ыкчам тергөө тобу жеринен текшерүү жүргүзүп, окуя болгон жерден эч кандай кассадан акча каражаттарын белгисиз адамдар алып кетишпегендиктери аныкталган.

Ошондой эле, көмүр кесимге барышкан белгисиз адамдар тарабынан эч кандай документи жок, акча төлөбөстөн көмүр чыгарылгандыгы тастыкталган жок.

Бүгүнкү күндө “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалында саясий кырдаал тынч абалда, кызматкерлер күндөгүдөй эле көмүр чыгарышып, көмүргө келген жарандар толук кандуу иш алып жатышат.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: