Menu

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелгендерге камкордуктун бир айлыгы өтүп жатат

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата 15-ноябрдан 15-декабрга чейин ушундай аярлуу адамдарга камкордук көрүүнүн бир айлыгы өтүп жатат. Бул боюнча шаар мэриясынын атайын буйругу чыгып, камкордук көрүүнүн практикалык иш-чаралары бекитилген. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, 3-декабрь күнү ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектеген адамдардын эл аралык күнү белгиленет. Ага карата шаар мэриясы атайын бир айлык жарыялап, бул багытта шаарда орун алып жаткан көйгөйлөрдү чечүү, атуулдарга даректүү колдоолорду көрсөтүү, коомчулукту кайрымдуу болууга үндөө чараларын ишке ашырмакчы. Атайын бекитилген иш-чаралар планында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга медициналык, социалдык, маданий, билим берүү, турмуш-тиричилик жагынан тейлөө багыттарында камкордук көрүү, шаардагы ушундай аярлуу адамдар менен шаар ишканаларынын жетекчилеринин катышуусунда ачык эшиктер күнүн өткөрүү, коомдук жайларда аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү жагынан реалдуу аракеттер ишке ашырылат.

-Биз быйылкы жылы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга камкордук көрүүнүн практикалык аракеттерин баштайбыз. Бул бир жолку өткөрүлүүчү иш-чаралардан болбойт, анткени бир ай ичинде реалдуу иштер жасалат жана анын жыйынтыктары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз үчүн иш жүзүндөгү ыңгайлуулуктарды алып келет. Буга мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, жеке менчик сектордун өкүлдөрү, жаштар катышышат, – дейт шаар мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулова.

Азыркы тапта, бир айлыктын алкагында эмгек жамааттары, ишкана-мекемелер тарабынан камкордук көрүүнүн планда бекитилген практикалык иш-чаралары ишке ашырылып жатат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: