Кыргызстанда 10 миңден ашык киши коронавирус илдетине чалдыккандар менен байланышта болушканы аныкталды, тагыраак айтканда 10.013 адам. Бул тууралу бүгүн, 15-июнда өкмөттүк онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усөнбаев билдирди.
Анын айтымында, акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 2258 адамга медициналык изилдөө иштери жүргүзүлүп, алардын ичинен 87 адамдан коронавирус илдети табылган. Эми бул илдетке чалдыкканы аныкталган адамдардын жалпы саны өлкө боюнча 2377ге жетти.
Ал эми 2041 киши обсервацияда медициналык көзөмөлдө жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ