“Өзбекстан аба жолдору” тажик тарап расмий көрсөтмөлөрдү аткарбагандыгы үчүн Дүйшөмбү-Ташкент каттамын кабыл алуудан баш тартканын билдирди.
Өзбек тарап кабарлагандай, чет элдик авиакомпаниялар ыраттуу каттамдарды жүргүзүү үчүн 30 күн мурун керектүү документтердин топтомун бериши керек.
Чейрек кылымдан бери биринчи жолу 20-февралда эки өлкө ортосунда ыраттуу аба каттам жүзөгө ашмак. Бирок учактын учуусуна бир нече саат калганда Ташкент каттамды токтотуп койгон.
“Сомон Эйр” авиакомпаниясынын жетекчилиги териштирүү жүргүзүп, керектүү документтер топтому чындыгында эле өзбек тарапка убагында жолдонбогонун аныктаган. Каттамды үзгүлтүккө учуратууга жооптуу коммерциялык директор баш болгон адамдар кызматтан кеткен.
Бирок 23-февралдагы каттам дагы болбой калган. Өзбек тарап “Сомон Эйр” жолдогон документтер бектилген тартипте каралып жатканын,бул иш бүткүчө учуулар болбой турганын билдирди.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ