Бүгүн, 21-январь күнү саат 11:00дө Жогорку Кеӊеште Кытайдын жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн КРнын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын отуруму өтөт. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган депуттаттык комиссия 2019-жылы 21-ноябрда түзүлгөн. Алтынбек Сулайманов депутаттык комиссия түзүп, Айэркен Саймаитинин өлүмүнүн чыныгы себептерин жана ага кимдердин тиешеси бар экенине иликтөө жүрүгүзүлүп, кандайдыр бир жыйынтык чыгарылышы керектигин сунуштаган. Мындайды сунушту депуттар колдогон.
Эске сала кетсек, эл аралык издөөдө жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багында отурган жеринен атып кетишкен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ