12-апрелде Ташкент менен Алматынын ортосунда автобус каттамы ачылат. Бул тууралуу «Узавтотранс» агенттигинин басма сөз кызматына таянып өзбек маалымат каражаттары жазышты.
Ташкент-Алматы багыты боюнча эл аралык ырааттуу автобус каттамдары күнүнө үч жолудан (16:00, 17:00 жана 18:00дө) «Ташкент» автобекетинен аткарылып турат. «Алматы-Ташкент» багыты боюнча автобустар «Сайран» автобекетинен чыгат.
Каттамдын узундугу 818 чакырымды, узактыгы 16 саат 30 мүнөттү түзөт. Чек арадагы «Гишткуприк» (Өзбекстан) жана «Жибек-Жолу» (Казакстан) өткөрүү бекеттеринен өтүү үчүн аларга 30 мүнөттүк убакыт каралган.
Эки шаар ортосунда автобус менен жүрүүнүн баасы 100 миң сум же 4000 теңге (12 долларга жакын) деп белгиленген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ