Menu

Мадумаров молдо баласы, Малиев теңирчи, Кулов баптист болсо?.. Үчөө кантип бирикти?

Бөлүшүү:

Ушул күндөрү Бишкек шаардык кеңешине карай жарышка алдын-ала төрт партия ат салышуу ниетин билдиргенин БШК билермандары жар салып чыгышты. Жакынкы күндөрү тизме дагы узарчудай. Акүйдөгү өздүк булактарыбыздын билдиришинче, шаардык кеңештин жаңы курамы бул сапар КСДП, “Кыргызстан”, анан Бабановдун ийкемдүүлүгүнүн айынан “Республика” партиясы тизмеге илинсе, “Өнүгүү-Прогресс” партиясы үркөрдөй тобу менен маарага өп-чап келээри болжонууда.

Алдыдагы бүйүр кызыткан саясый кармаштарга жыдыган саясатчылар да катышууга ниети бар экендиктери, азырынча биригүү идеялары тууралуу сүйлөшүүлөр болуп жаткандыгы айтылууда. Маселен, буга чейин эле биригишкен “Ар Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов, “Бүтүн Кыргызстандын” анабашчысы Адахан Мадумаров тынчыбай, Арсланбек Малиев башында турган “Аалам” партиясынын туусу астында жарышка чыгаары каңкууланды. Аттары аталган саясатчылар жакында болгон жолугушуусунда 3 партия боюнча биригүү идеясына келишип, “чүчү кулак” кармашканга дейре барышканы күбүр-шыбырга айланууда.

Хохма да, эй! Коомчулукка “ааламчы” Арсланбек Малиев Көкө-Теңирге сыйынган ашынган теңирчи катары таанылса, Адахан Мадумаров бүк түшө намазга жыгылып (Ислам динин тутунган молдо баласы экендиги), а берки Феликс Кулов 70ке таяп калса да эне тилин үйрөнө албаганы, анысы аз келгенсип, карыганда жаш жеңебиздин артынан баптисттик багытка бурулуп кеткендиги эл арасында айтылып жүрөт. Кызык, түрдү идеологияга сыйынган эргулдар “бир жумуртканын ичинен чыккандай” түр жаратышы кыжырды гана келтирет да. Тутунган диндери, көөдөндөгү жарык издеген көз-караштары ар түрдүү да, анан күнүмдүк саясат, мансап кумары үчүн бир жакадан баштарын чыгарышканы кандай? Мындай кубулма жүздүүлөргө баа берели, эл эмне дейт?..

Ийгилик Болсунбаев              

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: