Нарын шаарынын биринчи вице-мэри коронавирусту жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, биринчи вице-мэр 18-майда кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жуктуруп алганы аныкталып, изоляцияга дарыланууга жаткырылган.
“Буга байланыштуу мэриянын имараты карантинге жабылып, башкармалык жана кызматкерлер аралыктан иштеп жатышат” – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча 1243 адам коронавирус табылган. Анын ичинде Нарын облусунда 194 учуру катталган. Жалпы 898 бейтап оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган. 14 жаран илдеттен улам каза тапкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ