Үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында эртең мененки 9:00дө “Асанбай” кичирайонунун жанындагы токойчодон белгисиз кишинин жансыз денеси табылган. Мойнунда электр чубалгысы оролуп, бир учу бакка илинген эле. Денесинде көгөргөн жерлери болгон эмес.
Кийин билингендей, ал майрамдык иш-чараларды уюштурган белгилүү алпаруучу Егор Паньшин экени аныкталган. Ал боюнча экспертиза өткөрүлүп, жыйынтыгына ылайык, ага каршы күч колдонуу болбогону, өз жанын өзү кыйганы аныкталды. Милициядан билдиргендей, Егор Паньшиндин карыздары көп болуп, жумушунда да чечилбеген маселелери бар экен. Окуя болгондо туугандары ал эртең менен жүгүргөн адаты менен кеткен бойдон келбегинин айтышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ