Menu

Исхак Масалиев, депутат: “РусГидро” маселеси мамлекеттик деңгээлде чечилиши шарт

Бөлүшүү:

– Исхак Абсаматович, мамлекеттик архив кызматы «83 жыл болду» дегенине карабай, кечээ Ноокендин 90 жылдыгы чоң маараке катары белгиленди. Экономикалык акыбал начар болуп жатса, мамлекеттик деңгээлдеги маараке, аш-тойлорду кыскартууга кандай карайсыз?

– Эң туура, «аш-тойлорду, ашыкча мааракелерди азайталы» деген маселени көптөн бери эле көтөрүп келатабыз. Анткен менен токтобой жатат. Мен ойлойм, мындай нерселерди кыскартууну биринчи кезекте мам-лекеттик кызматкерлер башта-шы керек. Антпесе, мыйзам же буйрук менен токтото албайт экенбиз. Бир гана учурда буйрук менен токтотсо болот: бийликтин структурасы бекем, мамлекетте күчтүү бийлик болгондо гана ыксыз мааракелерге тыюу сала алабыз. Ал эми биз сыяктуу демократиялык мамлекетте кыскартуу жагынан ийгиликке жетүү кыйын. Аны көрүп эле жүрөбүз. Ар бир мамлекеттик ишмер той кылабы, башка нерсе өткөрөбү, сарамжалдуу өткөрсө, бара-бара ошого үйрөнөбүз. Дин жагындагы кишилерден деле «ушул маселени айтып чыкса» деп күтүп жатабыз. Эл аларды саясатчыларга караганда көбүрөөк угат. Молдокелер «той-ашты азайткьша, ысырапчылыкты токтоткула» деп элди чакырса, карызга алып мал союп, анан карызын өмүр бою төлөй албай өткөн көрүнүштөр азаят эле. Ал эми «Ноокендин 90 жылдьпын шашып өткөрдүкпү?» деген маселе айтылды Жогорку Кеңеште да. Той керек болсо, кандай болсо да жол таап өткөрүп, каражат топтой калганды токтотуш керек. Адистер «коё тургула, дагы 7 жыл бар» десе, өткөрбөй деле койсо жакшы болмок.

– «РусГидро» Кыргызстанды сотко берди. 37 млн. доллар доолашууда. Төлөп бергенден башка маселени кантип чечсе болот?

– «РусГидро» соттон сөзсүз утат. Себеби, мыйзам негизинде биз келишимди бир тараптуу бузганбыз. Андай учурда доону төлөп бериш керек. Соттошуунун деле кереги жок. Бул жерде сот эмес, саясаттын иши болуп жатат. Президенттер, премьерлер жолугуп, ушул маселени сотко жеткирбей чечиши керек болчу. Келишимди жокко чыгарганда, биз парламенттен «кандай болот, 37 млн. долларды ким төлөп берет?» деп суроо салганбыз. Президент ММКларга «Россия туура түшүнүп, жакшы кабыл алды, каршылык болгон жок» деген маанайда маалымат берди. Көрсө, андай болгон эмес экени кийин белгилүү болду. Ал жерде бир топ бузуулар болгон. Кымбат баада курулган. Аны «карап чыккыла» деп коргоо органдарына тапшырган элек, жыйынтыгы жок бүгүнкүгө чейин. Россияда менин билишимче, «РусГидронун» башчыларына башында кылмыш иши козголуп, жоопко тартылгандай болгон. Ал эми Кыргызстанда эч ким жоопкерчиликке тартылган жок. Демек, бул мурунку жетекчинин жана өкмөт башчынын жеке долбоорлору болгон. Мындайча айтканда, эсептелбеген, такталбаган, саясый кадамдар болгон. Ошондуктан, келишимди жокко чыгарып, терең изилдеп, карызды кандай төлөйбүз, же келерки долбоорлор менен жабабызбы -башында чечиш керек эле.

– Сотту токтотуш үчүн жол-жоболор барбы? Же баары бир кыргыз тарап төлөөгө милдеттүүбү?

– Ипггеп, сүйлөшүү жүргүзүш керек. Өкмөт башчы баарын таштап, Москвага барышы зарыл. «РусГидро»мамлекеттик компания. Мамлекеттик деңгээлде чечилчү иш. «Өзбекстан менен 28 млрд. долларга келишим түзүп, ар кандай коридорлорду ачып берип жатасыңар, алар мөмө-жемиштерди Москвага альш келдик деп айтып жатьппса, ошол эле мезгилде биз деле ошол бирикменин мүчөсү болуп туруп, бизди 37 млн. долларга сотко берип жатасыңар, муну кандай караш керек?» деп ачык эле сүйлөшүш керек. Башка жол жок.

– «Кумтөр» тууралуу да «Кытайга сатылганы жатат» деген маалымат чыкты…

– «Центерранын» акциялары сатылышы мүмкүндүгүн ММКлардан билип жатам. Өзүм так билбейм. Бул деле күтүлгөн эле нерсе болчу. 1993-жылы «Кумтөр» башталганда, «Кумтөрдү» мамлекеттен чыгарбаш керек болчу» деп атам Абсамат Масалиев айткан. Кийинчерээк «Коммунисттерден» башка, мыйзам чыгаруу жыйынында Текебаев, Бекназаров, дагы 4-5 эле киши каршы чыккан. Калганынын баары унчуккан эмес. Ошондо азыркы, мурунку президенттер депутат эле, ооздоруна талкан салып, унчукпай отурушйан. Ошондо айтылган, «жеке менчикке өткөндөн кийин каалайбызбы-каалабайбызбы, ээси каалаган кишиге, каалаган суммага сатып кетет» деген коркунуч болгон. «Кумтөр» өзгөчө ишкана. Эч качан өкмөт анын сатылышына мүмкүнчүлүк бербеши керек. «Жерүй» боюнча да ушундай сөз бар. «Акцияларды сатып жатыптыр» дешүүдө. Капиталисттердин максаты ушундай, кендин акцияларына ээ болгондон кийин, башка бирөөгө «кымбатыраак сатам» деген ой менен сатат. Конституцияда так жазылган. Кен байлыктар элдин ээлигинде, иштетүүгө жол берилет, сатканга уруксат жок. «Кумтөрдөгүдөй» байлык дүйнөдө жок. Азыр азайып баратат. Божомол боюнча, 700 тоннадай алтын болсо керек. Бир гана максат – аны иштеткенге мүмкүнчүлүк берилдиби, тийиштүү салыктарды төлөтүп, ал эми сатканга караманча каршы туруп, эч кандай мүмкүнчүлүк бербешибиз керек. Иштете албаса, кайра алып койсун.

– «Камбар-Ата-2» ГЭСинде авария болуп, иш токтогондугу айгылды. Бул ГЭСтин бизге пайдасы канчалык болгон?

– Авария эмес, «суу ашып жатат» деп уктум. Ал ГЭСтин бизге кереги бар. Саясый-экономикалык жактан абдан керек. Ал курулганга чейин түндүккө электр энергиясын алып келүүдө бир топ кыйынчылык болгон. Ошону чечиш үчүн курулушу зарыл болчу. «Келечекте Кыргызстан электр энергиясын сата турган мамлекетке айланышы керек»деп башталган.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: