Menu

Каныбек Иманалиев Сапар Исаковго: ““Жаңы доорго жаңы 40 кадам” деген программаңызды тышкы элге көрсөтпөңүз, уят болуп каласыз”

Бөлүшүү:

“Мобу “Жаңы доорго жаңы 40 кадам” программаңызды алалы, мен сиздин орун басарларыңыздын баарын тааныйм, сый мамиле кылам, ошолор ушул программаны окубаса керек деп ойлойм да”, – деп билдирди парламенттин депутаты Каныбек Иманалиев  Жогорку Кеңештин жума күнү, 25-августта  өткөн кезексиз сессиясында.

“Мен анда фактыларга өтөйүн, баштаганда эле айтып атасыз: “Кыргызстан мыйзамдуулукту сактоо боюнча 28-орундан 30-орунга келет” деп. Мен башкасын суранбайм, мыйзамдуулукту сактоо боюнча биз, Кыргызстан Ирак менен Гананын деңгээлиндебиз, жок дегенде бул боюнча Россия менен Казакстандын эле денгээлине теңеп бергилечи. Андан кийинки кадамыңыз – Кыргызстанга Курултай институтун киргизүү экен. Ал мыйзамды депутат Кенжебек Бокоев экөөбүз иштеп чыгып, сиз иштеген президенттик администрация кийлигишип, 5 жылдан бери токтоп турат го? Сиз бул программаңызда айткан максаттар сиз кылган иштерге каршы келип жатат? Андан кийин Программаңыздагы 4-кадамыңыз – Басма сөз эркиндигин камсыз кылуу! экен.  Сиз президенттик администрациянын жетекчиси болуп турганда басма сөз эркиндигине эң чоң кысым уюштурулду го! “Сентябрь “ телеканалын бир сааттын ичинде жаап койду го! Сиздин максат менен сиздин идеалдар туура келбей жатпайбы? Эң кызыгы, мындай авантюрадан алыс болуңуз, минтип жазыпсыз:”2023-жылга мугалимдердин айлыгын эки эсе өстүрөм” деп. Ал үчүн дагы 13 миллиард сом керек да! Биз Онкологиялык борборго 30 миллион сом таппай 120 депутат эки күн олтурдук го! Сиз кантип 13 миллиард сомду табасыз? “Пенсияларды эки эсе көбөйтөм” деп жазыпсыз. Кыргызстандын пенсиялык фонду 50 миллиард сом, дагы 50 миллиард сомду кайдан табасыз? Кыргызстандын болгон бюджети 136 миллиард сом болсо. 10 миллион же 100 миллион сомго ката кетирсеңиз кечиримдүү, бирок сиз болочок премьер-министрсиз да? Программаңыздын дагы бир жеринде айтып жатасыз: “30 миң IT технология боюнча адистерди даярдайм!” деп. Кайсыл Жогорку окуу жайы даярдайт? Биздин эл аралык деңгээлде андай мүмкүнчүлүгүбүз жок да. Андан башка да 10 чоң илимий долбоор болот депсиз. Кыргызстан илимди Сомалинин деңгээлинде финансылайт, 0,2% . Анан кантип бул деңгээлге жетише алабыз? Анан дүйнөдөгү 80 электрэнергиядан көз карандысыз өлкөнүн катарына киребиз деп жатасыңар, биз азыр бул боюнча 127-орунда турабыз. Тышкы саясат боюнча программаңызда “Биз тыш өлкөлөрдүн таасири аз өлкөлөрдүн катарына киребиз” деп жатасыз, ал эми бул жердеги сөзүңүздө “биз тыш өлкөлөрдөн карыз алышыбыз керек” деп жатасыз. Карызды канчалык көп алган сайын, тыш өлкөлөргө ошончолук көз каранды болобуз да. Аягында айтарым, сиз үчүн Бюджет – бул Конституция! А сиз бюджет тууралу дегеле сөз кылбадыңыз. Бир жылда сиздин өкмөт бюджетти канча процентке көбөйтөт? Ички дүң продукция канчага көбөйөт? Соода-экономикалык сальдо канча болот? Элди канча жумушчу орун менен камсыз кыласыз? Программаңызда бир да орун жок го? Бул программаны окуп олтуруп, муну тышкы элге таратпаңыз, уят болуп каласыз! Бул олуттуу документ да. Иш жүзүндө сиз реформатор болом деп жатасыз, бирок, мен сизден биринчиден, реформаторлук программаны уга алган жокмун. Экинчиден, сизде реформатордук команда жок. Үчүнчүдөн, сизде реформаторлук дух да жок. Ал үчүн Каха Бендукидзе сыяктуу тажрыйба болуш керек. Эгер сиз реформа кылам десеңиз мамлекеттик кызматкерлерди жок дегенде 10%га кыскартышыңыз керек. Анда 6 миң адам жумушсуз калат. Командаңыздагы 40 адамдын 20сы Кыргызстанды мүдүрүлтө турган адамдар да. Уялбай эле Сооронбай Жээнбековдун программасын, Сариевдин, Бабановдун программаларынан көчүрүп, синтез кылып албайсызбы. Ошондо жакшы программа чыкмак. Эми неге мындай болуп калды? Биздин парламент 6 партиядан турган менен иш жүзүндө биз бир партиялуу эле өкмөттү түптөп жатабыз. Дүйнөдө күчтүү өкмөт качан келет?  Чыныгы конкуренциялуу, альтернативалуу, атаандаштык өкмөт болгондо. Мейли жаштар келсин, бирок ошол жаштарды бир адам тандабай 6 фракция тандаш керек эле”, – деди Каныбек Иманалиев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: