Menu

АКШда казак укук коргоочуга “Каарман аял” сыйлыгы ыйгарылды

Бөлүшүү:

АКШ Мамлекеттик департаменти “Каарман аял” сыйлыгынын 2018-жылкы жеңүүчүлөрүн жарыялады. Дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчундагы каарман аялдардын катарында быйыл казакстандык укук коргоочу Айман Умарова дагы бар.

Жамбыл облусунда туулган журналист өзгөчө оор кылмыштар, анын ичинде сексуалдык зордук-зомбулук көргөн аялдар менен балдар жана саясий негизде эркинен ажыратылгандар жөнүндө талбай жазып келет. Умарова “Zona.kg” сайтында абактагылардын жашоосу, түрмөдөгү кыйноолор, зомбулук жана адам укуктары жөнүндө темаларды көтөрөт.

Ал – Алматы облустук адвокаттар коллегиясынын мүчөсү, Казакстандын президентинин алдындагы Адам укуктары кеңешинин эксперти жана “Укук коргоочулар” коомдук фондунун түзүүчүлөрүнүн бири.

Сыйлык алгандардын катарында Мавританиянын, Руанданын, Косовонун, Таиланддын, Ирактын, Ооганстандын, Гондурастын өкүлдөрү жана Ватикан сунуштаган католик диниятчы аял Елена Бериа бар.

Сыйлыкты бейшембиде Мамлекеттик департаментте АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп жана мамлекеттик катчынын милдетин аткаруучу Жон Салливан тапшырды.

Четтеги АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү өздөрү жайгашкан өлкөлөрдөгү эмгеги таанылган аялдарды сыйлыкка көрсөтүшөт. Жеңүүчүлөрдү АКШнын Мамлекеттик департаментинин жогорку даражалуу кызматкерлери тандашат.

2011-жылы бул сыйлыкка Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева татыктуу болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: