Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Судьяларды тандоо боюнча кеӊештин мүчөлөрүн материалдык жактан колдоо максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди. Демилгечилер – депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Курманкул Зулушев.
Демилгечилердин бири Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, сунушталган мыйзам долбоорунун негизги максаты Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн материалдык сыйакы менен камсыз кылуу болуп саналат. “Ошону менен бирге, Кеңештин иштөө убагында анын мүчөлөрү өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат жана алардын негизги иш орду боюнча эмгек акысы сакталат”, – деди ал.
Андан тышкары, мурда Судьяларын тандоо боюнча кеңештин 24 мүчөсү болгону, азыр ал 9 адамга чейин кыскарганы белгилүү болду. “Кеӊештин курамына 3 судья жана 6 адвокат кирген. Азыр адвокаттардын өз кесиби боюнча иштөөсүнө тыюу салынгандыктан, материалдык жактан кыйналып турушат. Ошондон улам, аларга айына 25 миӊ сомдон сыйакы чектөө сунушу берилүүдө”, – деди баяндамачы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ