Жекшемби, 2-апрелде Арменияда парламенттик шайлоо болду. Бул өлкө парламенттик башкаруу формасына өткөндөн берки алгачкы добуш берүү жараяны. Башкаруучу республикалык партия башка сегиз партия жана альянс менен ат салышты.
Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 61 пайызы добуш берүүгө катышканын билдирди. Экзитполдорго караганда, президент Серж Саргсяндын башкаруучу Республикалык партиясы добуштардын 46 пайызын топтоо менен алдыда. Өлкөдөгү таасирдүү бизнесмен, оппозициячы Гагик Царукяндын блогун шайлоочулардын 25 пайызы колдоодо. Мындан тышкары парламентке 10 пайыз менен “Елк” блогу, 5 пайыз менен “Дашнакцутюн” партиясы дагы өтүшү ыктымал. Жеңишти камсыздоо үчүн партиялар 5 пайыздык, блоктор 7 пайыздык бөгөттү багындырышы керек.
Бул арада добуш берүү маалында жүздөгөн арыздануулар келип түштү. Бул тууралуу жарандык активисттер кабарлашты. Бирок башкаруучу партия жапырт мыйзам бузуу жок экенин билдирүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ