Канадалык компания Кумтөрдөгү алтыныбызды ачкөздүк менен казып жатканын баарыбыз жакшы билебиз. Эми аларга алтын, акча болсо болду экен.
Алтын казылып бүткөн соң, Кумтөрдүн орду эмне болосо ошол болсун деген түр көрсөтүп жатышат. Аз күн мурун Кумтөрдөгү алтын тазалаган чоң фабрикадан жарака кеткени тууралуу кеп тарады. Көрсө, ачкөздөнүп жатып ошол фабрикага жакын жерди оюп жиберишсе керек. Эгер ошол жарака чоңоюп олтуруп, жетчү жерине жетсе, анда алтын казуу токтойт. Кыргызстандын экономикасына социалдык төлөмдөрдү (пенсия, пособия ж.б.) өз убагында ишке ашыруу кыйынчылыкка учурайт. Мына ушул маселени өкмөт эске алып, Кумтөрдүн ишмердүүлүгүнө талапка ылайык текшерүү жүргүзбөсө болбойт.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ