Menu

Искендер Усупбаев: “Оксфорд мага эшигин ачарына ишенем”

Бөлүшүү:

“Өмүр бою окуйм” деген принцип менен жашаган адамдардын бири — биздин бүгүнкү каарманыбыз Искендер. Буга чейин Болгарияда, Италияда окуп келген. Эл аралык мамилелер жана политология жаатында билим алууда. Учурда дүйнөнүн эң престиждүү университеттеринин бири Оксфордго тапшырып жатыптыр. Анын айтымында, академиялык куржунун толтуруу үчүн билим алууну уланта берет.

Чет өлкөдө билим алууңузга эмне себеп болду?

Окууну аяктап, Токмок шаарынын Борбордук Азия университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүнө тапшыргам. Ал жакта бир жыл окуп, италиялык уюмдун грантын утуп алып, Болгариядагы Америка университетинде билим алууга мүмкүнчүлүк алдым. Жарым жылдан соң өзүмдүн окуу жайыма кайтып келдим. Болгарияда жүргөндө кантип жаштарга чет өлкөдө билим алууга жардам берсем болот деп көп ойлондум. Анткени баары эле программалар, гранттар, кантип тапшыруу керектиги жөнүндө биле беришпейт. Маалыматтар менен бөлүшүп туруу үчүн Фейсбуктан баракча ачтым. Учурда 3 миңден ашуун жазылуучуларым бар. Алардын көпчүлүгү Кыргызстанда гана эмес, сыртта да кандайдыр бир максаттарды көздөп, аларды ишке ашыруунун аркетинде жүргөндөр.

Италияга кайсы программа менен кеттиңиз жана кандай идеяларга туш болдуңуз?

Өткөн жылы “Эрасмус” программасы менен  Италияда бир жыл билим алып келдим. Аталган программа студенттер арасында кеңири жайылган. Магистратурага тапшырганга чейин алган билимимди дагы да тереңдетип, профессионалдык сапаттарымды өнүктүрүү керектигин түшүндүм. Венециядан бир саат алыстыкта жайгашкан Феррара шаарында окуп жашадым. Шаардын жүз миңге жакын тургундары бар. Алардын 50 миңге жакыны студенттер. Университет абдан чоң. Босогосун аттаганда эле бул жакта инновация, ачылыштарды жараткан генийлер билим алганы сезилип турчу. Менде эл аралык мамилелер боюнча тажрыйба бар болсо да, академиялык куржунумду дагы да толтурушум керектигин түшүндүм. Булардын бардыгы менин жашоомдун позитивдүү нукта кетишине өбөлгө түздү. Учурда мен бир уюмда иштеп атам. Биз ар кайсы мамлекеттердеги кыргыз эмгек мигранттарын изилдеп жатабыз. Балким жакында мекендештерибиздин эмгек жолун жеңилдете турган долбоорлорду ишке ашырып калабыз. Максатыбыз – алардын  ошол жаңы чөйрөгө аралашуусуна көмөк көрсөтүү. 12079202_900621320029545_2171668203688656428_n

Сыртта билим алуу үчүн кандай сапаттар болушу керек?

Биз көбүнчө жаштардын лидерлик сапаттары, активдүүлүгү жөнүндө көп айтабыз. Кайсы бир жазуучу активдүүлүктү мындайча сыпаттаган экен. Активдүү болуу кыймыл-аракетте болуп, кандайдыр бир жаңылыктарды киргизүү. Көнүмүш адаттан оолактап, биринчи күнүң экинчисине окшош болбошу керек. Жашоодо ийгилик жаратуу үчүн күчтүү эрк талап кылынат.

Чет жакта сизди таң калтырган нерселер болдубу? -Биринчи жолу 17 жашымда “Модель ООН” программасы менен Рим шаарына баргам. Университетте студенттер өздөрү менен өздөрү болушат. Эркин ой жүгүртүп, ар дайым изденүү жолунда. Сыртка чыгаарда да кантип окуймун, профессорлор менен мамилени кантип курам деп баарын алдын-ала элестетип баргам. Кыргызстанга келгенде бир топ ойго батып жүрдүм. Анткени бизде канчалаган ресурстар бар, бирок аны туура багытта пайдаланган акылдуулар жокпу? Качан биз жаштардын өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүк түзүп беребиз? Айтор менде суроолор көп болду.

Биздики менен эл аралык билим берүү системасын салыштырып берсеңиз…

Чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларда студент сабактарды, окутуучуларды өзү тандоого укуктуу экени жагат. Бизге профессионалдык практика жетишсиз. Эгерде жаштарга ири компанияларда тажрыйба топтоп үйрөнүүгө шарт болгондо келечекке чоң мотивация болмок. Эл аралык университет теория менен кошо практиканы жакшы айкалыштырып келгендиктен, студенттер лидер болуп чыгышат. Мындан тышкары, чет өлкөдө жакшы окуган студенттерге жумуш даяр турат. Университеттер компаниялар менен байланыш түзүп алышып, бүтүрүүчүлөрүн жумуш менен камсыздашат. Бул — бардык жакта колдонулуп келген ийгиликтүү тажрыйбалардын бири. Биздин окуу жайларга да киргизүү муктаждыгы бар. 12806021_1007857499300956_3988280149292606261_n

Эл аралык мамилелер жана политология жаатында билим алат экенсиз. Келечекте сизди саясаттан көрүп калышыбыз мүмкүн турбайбы?

Кыргызстанга келгенден кийин мамлекеттик түзүлүштө тажрыйба топтогум келип жатат. Кайсы жактан карьерамды баштаймын, аны да билем. Ага чейин мага тажрыйба топтоо зарыл. Бир жолу группалашым менен биргеликте сүйлөшүп отуруп, кандайдыр бир уюм түзүүнү ойлондук. Уюмда билимдүү жаштар чогулуп, аймактарды кыдырып, конфликттүү жерлерди изилдеп, аларды жокко чыгаруу үчүн аракеттерди көрүшмөк. Бирок учурда студентпиз, ошон үчүн эң биринчи дипломду колго алып, андан кийин долбоорлорду ишке ашырууну чечтик. Учурда досум менен Фейсбукта “Study abroad” баракчасын ачып, жаштарга кеңештерди берип, байланышып турабыз. Чет өлкөдө окууну же тажрыйба топтоону каалагандар бизге кайрылышса, жардам берүүгө ар дайым даярбыз.

Эмнеге Оксфордду тандадыңыз?

Менин университетим берген билим уникалдуу болсо да, идеалдуу эмес. Бул нерсени өнүктүрүү керек. Учурда Америка, Европанын алдыңкы беш университетине тапшырып жатам. Азыр документтерди чогултуп, англис тилинен сынак бердим. Англиянын Оксфорд университетинде билим алууга катуу даярдык көрдүм. Политология жана эл аралык мамилелер факультетине өткүм келип жатат. Бул университет мага эшигин ачат деп ишенем.

Элвира Акимова

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: