Мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан текшерүүгө карата мораторийдин мөөнөтү 2022-жылдын 1-январына чейин узартылды. Тийиштүү чечимге КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Мораторийдин мөөнөтүн узартуу COV1D-19 вирусунун жайылуу шартында ишкердик субъектилерине кошумча стимул берүүгө багытталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ