Menu

БУУ Ооганстандагы апийим өндүрүшүнүн көбөйүшүнө кабатыр

Бөлүшүү:

Бириккен Улуттар Уюму Ооганстанда апийим өндүрүүнүн көлөмү эки эсеге өсүшү мүмкүн деп кооптонууда.

Ооганстанда апийим өндүрүү быйыл 10 пайызга өстү. Улуттар уюмунун Наркозаттар жана кылмыштуулук боюнча агенттиги 23-октябрда жарыялаган жылдык отчетунда апийим эгилген жерлердин жалпы аянты 10 пайызга көбөйүп, 201 миң гектарды түзгөнүн жазат. Бул апийим өндүрүүнүн көлөмү 43 пайызга көбөйүшү мүмкүн дегенди билдирет. Мындай көрүнүш ыңгайлуу аба ырайы, экинчи жагынан өкмөттүн коопсуздукту камсыздоодогу алсыздыгы жана маңзаттарына каршы операцияларга берилген эл аралык жардамдын азайышы менен түшүндүрүлөт.

“Талибан” апийимден түшкөн акчаны көпчүлүк учурларда өкмөттүк жана НАТО аскерлерине каршы чабуулдарын каржылоо үчүн пайдаланат. Ооганстанда өстүрүлгөн апийим дүйнөдөгү героиндин негизги булагы. Апийим Ооганстанда 2001-жылдан тарта ири көлөмдө эгиле баштаган. 2013-жылы 5 миң тонна апийим өндүрүлүп, бул заттын дүйнөлүк өндүрүшүнүн 80 пайызын түзгөн.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: