2017-жылдын 26-август күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 33 жаштагы жергиликтүү тургун Ш.Ж., арыз менен кайрылган. Себеби 25- август күнү болжол менен саат 18:00 чамасында белгисиз адамдар көчөдө аркандалып турган ага тиешелүү уйун жана музоосун уурдап кетишкендигин билдирген. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Жогорудагы окуя боюнча Токмок шаардык ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренелери (мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Токмок шаарынын ИИБнин жана Чүй ОИИББнин милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү делип, Токмок шаарынын 32 жаштагы К.Ж. жашоочусу кармалып, тергөө иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ