Өткөн жумада КСДПдан президенттик шайлоого талапкер Сооронбай Жээнбеков Ала-Бука, Чаткал аймагына барып, элдин жылуу колдоосуна ээ болгонуна күбө болдук. Эсиңерде болсо, бул округдан «Кыргызстан» партиясы аркылуу Азиз Турсунбаев артыкчылыктуу добуш алууга жетишип, 2015-жылы депутат болгон. Учурда дагы Азиз мырзанын урматы үчүн кичи мекениндеги калың эл КСДПнын талапкерине оогону уу-дуу кепке айланды. «Жандооч кийик аттырат» деген кептин чындыгы ушул беле? Баштатан Турсунбаев менен Жээнбеков жакшы мамиледе болгону, бири-бирине сый-урматы артып, мына чоң күрөштө дагы арка-бел болушууда. Ага-ининин мындай ынтымагы күчөп отурса, келечекке карай далай ийгиликтерди багындырышары шексиз.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ