Menu

CNN: Магнитский иликтеген акчалар Сириядан чыкты

Бөлүшүү:

CNN телеканалынын журналисттери Сергей Магнитскийдин ишине байланыштуу документтер алардын колуна тийгенин жарыялашууда. Магнитский кылмыштуу каржылык схеманын бетин ачкандан кийин 2009-жылы Москвадагы түрмөдө өлгөн.

CNN Орусиядан башкарылган жана орус бийликтери менен байланышы бар инвестициялык топ кеминде 900 миң долларды Сириядагы химиялык курал жасоочу программаны каржылаган фирмага которгон деп бекемдөөдө.

2007-2008-жылдардагы келишим жана банк документтери боюнча, бул инвесттоп Balec Trading Ventures деп аталган фирмага “жогорку технологиядагы эмерек” сатып алуу үчүн 3 млн доллардан ашуун акча төлөп берүүгө макулдугун берген. Банк документтери 900 миң доллардан кем эмес акча которулганын бекемдейт.

Ал эми орусиялык кылмыштуу топ менен байланышы бар компания Quartell Trading деп аталат. АКШнын юстиция министрлиги бул компания орусиялык салык төлөөчүлөрдөн уурдалган миллиондогон долларлар которулуп турчу көптөгөн ортомчу компаниялардын бири деп бекемдөөдө. Ага ылайык, бул каражаттар он жыл мурда “адалданган”. Бул акчалар менен “Магнитскийдин иши” деп аталган коррупциялык иштин байланышы бар деп айтылууда.

Balec Ventures компаниясынын ээси Исса иль-Зейди аттуу орус жараны. АКШнын Каржы министрлиги ага каршы санкция киргизген. СNN бул компания нервди шал кылуучу куралдарды иштеп чыкканын бекемдөөдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: