Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы көлмөгө унаа түшүп кетип төрт адам каза болду. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
2017-жылдын 11-декабрында саат 13:35те КР ӨКМнин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Чүй облусунун Токмок шаарындагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 38-чакырымында “Рахат” кафесинин жанындагы көлмөгө “Тайота Авенсис” үлгүсүндөгү мам № В5294 АU авто унаасы жолдон чыгып сууга түшүп кеткен жерге барышкан.
Куткаруу иштерине КР ӨКМнин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, автоунааны суудан чыгарышкан. Автоунаанын ичинде 4 адамдын жансыз денеси табылган. Каза болгондордун аты-жөндөрү такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ