Menu

Өзбекстанда аткаминерлер кол алдындагыларды кемсинтүүнү токтотуша элек

Бөлүшүү:

Анжиян облусунун Боз районунун башчысы Абдурашид Мамиров жыйын учурунда бала бакча, мектеп жана колледж жетекчилерин “чөөлөр, айбандар, арамдар” деп тилдеди.

Алты мүнөттүк аудиофайлды “Азаттыктын” өзбек кызматына 11-декабрдагы жыйынга катышкандардын бири жөнөткөн. Негизинен түнкү нөөмөт уюштура албаган бала бакча жетекчилери жана чогулушка кечигип келгендер район башчынын каарына калышкан. Жергиликтүү эки аткаминер аудиожазуудагы үн Абдурашид Мамировго таандык экенин тастыктады.

Бала бакчалардын жетекчилеринин биринин айтымында, жыйынга райондук милиция жана прокуратура башчылары дагы катышкан. Бирок алар Мамировдун аракетине каршы чара көрүшкөн эмес.

“Жыйынга кечиккендер, бүгүн кечинде кайра чогуласыңар. Мен тизме түзөм, чөөлөр, айбандар. Арам тамактар …”,– деген аткаминер жыйындын башында. Андан соң ал бала бакчалардын жетекчилерин ордунан тургузуп, аларды сөккөн.

Буга чейин Өзбекстандын президенти кол алдындагыларга тил тийгизип, кол көтөргөн аткаминерлер жазаланарын билдирген. Бирок “бокооз жана чоң муштум” чиновниктерге чара көрүлө элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: