Германиянын айлана-чөйрөнү коргоо союзунун (NABU) алдындагы “Барс” атайын тобунун маалымат катчысы Зарина Эсенбаева Ысык-Көлдүн тоолоруна коюлган фотокапканга сейрек кездешкен канаттуу — улар түшүп калганын айтты.
Ал улар деңиз деңгээлинен 2500 метрден 4000 метр бийиктиктикке чейин жашай турганын белгилеп өттү. “Улар аска-зоолуу аймактарды байырлайт. Алардын негизги душманы — түлкү, бирок кишилердин аңчылыгынан да улам алардын тукуму азаюуда. Улардын жумшак эти кымбат баалуу чүйгүн тамакка колдонулат, мындан улам ага ууга чыккандар көп”, — деди Эсенбаева. Браконьерликке каршы “Барс” тобунун командири Курманбек Дүйшеев фотокапкандар Ысык-Көл облусундагы илбирстерди жана алардын тамактануусун изилдөө үчүн коюлганын айтты.
“Былтыр жазында биздин камерага кыргыздарда өтө бааланган, сейрек кездешүүчү улар түшүп калыптыр. Камера анын сайраганын да тартууга үлгүргөн”, — деди Дүйшеев.
Ал ошондой эле уларды аткандарга 2 миң сом эле айып салынарын айтып, учурда Кыргызстандын Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин демилгеси менен салынчу айып пулдун көлөмүн беш миң сомго чыгаруу маселеси каралып жатканына токтоло кетти.
Булак: “sputnik.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ