— Бакыт мырза, Бишкек ТЭЦинин тегерегинде бир катар маалыматтар чыга баштады. Парламент бул иштин аягына чыгарып, күнөөлүүлөрдүн жазаланышына аягына чейин көзөмөлдү күчөтө алат деп ойлойсузбу? Кесиптешиңиз Осмонбек Артыкбаев бул иштерден “ойт берип” чыга бербейби?
— ТЭЦтеги авария боюнча парламент түзгөн комиссия өз ишин аягына чейин кылдат териштирип чыгат деп ойлойм. Бул иштерде кимдер күнөөлүү экени комиссиянын жана башка тиешелүү органдардын талдоосунан кийин билинет. Ал эми Осмонбек Артыкбаевдин ТЭЦке тиешелүү маселеси боюнча азырынча эч нерсе айталбайм.
— Парламентте буга чейинки түзүлгөн саны бар, сапаты жок депутаттык комиссиялардын биринен да оңчулуктуу жыйынтык болбогонун эске алганда, ТЭЦтин айланасындагы иштерден деле жыйынтык чыгышы күмөн да, туурабы?
— Эми аны убакыт көрсөтөт. Азырынча болгону күтөт туралы да.
— Бүгүн 8-март айымдардын майрамы да. Буга чейин бул майрамда берген эң оригиналдуу белегиңизди эстей аласызбы?
— Айымдарга берген белектеримдин баары эле оригиналдуу болчу го дейм. Эми билесиң да байкеңди…
— Бүгүн жалпы канча айымга белек бересиз?
— Үй-бүлөмдөгү айымдарга белектеримди тартуулайм. Парламенттеги кесиптештерибизди кечээ куттуктадык. Айымдарыбыз ар дайым бактылуу болушсун!
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ