Menu

Экс-Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Kyrgyztoday сайтын сотко берет

Бөлүшүү:
Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Kyrgyztoday сайтын сотко берет. Kyrgyztoday 11-мартта «Илмиянов менен Сатыбалдиевдин «Ихлас» фирмасы 5 гектар жерди кантип ээлеп алды?» деген макала жарыялаган.
Жантөрө Сатыбалдиев сайтта жазылган маалымат жалган экенин билдирип, журналистти сотко берерин билдирди.
«Сайтты дагы журналистти дагы сотко берем. Карандай калп. Мен журналисттер менен эч качан соттошкон эмесмин. Бул жолу берем»
Ал эми Kyrgyztoday сайтынын кожоюну Бегалы Наргозуев жарыяланган маалымат Жогорку Кеңеш депутаты Таабалды Тиллаевдин сөзүнө жана жеке иликтөөгө негизделгенин айтып, сотко берсе соттошууга даяр экенин билдирди.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаты Таабалды Тиллаев резиденцияга бараткан өкмөттүк жолдун жээгине ким көп кабаттуу үй куруп жатканына кызыккан. Депутат ал жерге Акаев, Бакиев мезгилинде да эч кимдин колу тийбегендигин билдирген.
«Мен ким, кайсы фирмага курулуш кылууга уруксат бергенин өкмөт маалымат берүүсүн талап кылам. Мен депутат катары курулушту токтотууну талап кылам. Биз жер жок дейбиз, мына жер деген. Президенттин иштей турган имараты жок»,-деген Тиллаев.
Депутат Мирлан Жээнчороев Таабалды Тиллаевди колдоп, ал жерге учурунда экинчи акүйдүн курулушу пландалганын, жашыл аймакка көп кабаттуу үйдүн курулушу боюнча маалымат берүүнү талап кылган.
Ал эми “Ихлас” компаниясынын негиздөөчүсү —  Нурбек Осмонов бүгүн айрым маалымат каражаттары аркылуу Жогорку Кеңеште жана сайттарга чыккан маалыматтарды төгүндөдү.

Булак: Govori.TV

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: