Өкмөттүн жаңы курамы түзүлүп жатканда каржы министри болоору айтылып, бирок кандайдыр бир себептер менен короо сыртында калган Мухаммедкалый Абулгазиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Абулгазиев буга чейин Сооронбай Жээнбеков Өкмөт башына келгенде биринчи вице-премьер министр болуп келген. Жээнбеков КСДПнын атынан президенттикке чыкмай болуп кызматын тапшырып бергенде, премьер-министрлик орунду ээлеп калууга аябай жандалбастады. Тилекке каршы, максатына жетпей тебилип кетти. «Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» демекчи, Сапар Исаков дагы Кочкордон болгондуктан, вицелик кызматынан кол жууду. Эми президенттик шайлоо бүткөнчө кеңешчилик кызматгы аркалап, кызарган жерге тап коюуга даярданып отурган чагы…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ