КСДП фракциясынан депутат Жылдыз Мусабековажурналист Үпөл Анаркулованы 10 эркекке салып берем деп коркутуп, мазактагандан кийин Анаркулова эл өкүлүнүн жоругуна чара көрүшү үчүн бир катар бийлик өкүлдөрүнүн атына кат жазган эле. Ошол эле кат жазган күнү, 12-майда Башкы прокуратурага да арыз таштаган. Бирок ал жактан да журналистке эч кандай жооп келген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда журналист SUPER.KG порталына билдирди.
“Мен арызды таштагандан 4 күндөн кийин Башкы прокуратурадан мага байланышып “Ошондо сизди зордукташтыбы”, – деп сурашты. Мен “Жок, ошондой коркутуулар болду”, – десем “Биз арызыңызды окуп жатканбыз, кийин байланышабыз”, – деп койгон. Ошол бойдон кабар жок”, – дейт Анаркулова.
Ал эми Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бул маселени карабай фракцияга жиберген эле. Фракция ушул кезге чейин депутаттын жоругун карай элек.
“Мусабекова фракциянын жыйынына 4-5 жолу келбей койду. Акыры 15-июнда келип “мен Нарынды кыдырып, элдин үнүн угуп келдим”, – деп айтыптыр. Ага чейин фракция лидери Өмүркүлов Мусабекова ооруп, жыйынга келбегенин айтып жүрбөдү беле. Эгер Мусабекованын ордуна башка партиядан депутат ушундай жорукту жасаган болсо, мисалы, “Ата Мекенден” депутат Н.Никитенко же А.Салянова азыр темир тор артында болмок. Бул жерде мыйзам бардык фракциялар үчүн бирдей иштебей жатканын көрүүгө болот”, – дейт журналист.
Ошондой эле ал жакында парламент каникулга тарай турганын айтып, фракция өкүлдөрү бул маселени унуткаруу аракетин көрүп жатат деген оюн кошумчалады.
Булак: “super.kg“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ