Menu

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: “Бардык күнөөнү Атамбаевге оодара салышты…”

Бөлүшүү:

Кой-Таштагы элди дүрбөлөңгө салып кан төгүүгө жол берген окуядан кийин Азимбек Бекназаровду кепке тартып, айрым суроолорго жооп алдык.

– Азимбек агай, мурунку жана азыркы президенттин тирешинин айынан кырдаал курчуп ок атылды, кантип жолго салыш керек?

– Атамбаев менен Жээнбеков бир жыйынтыкка келип, кырдаалды жолго салышы керек. Экөөнүн тирешинин айынан мамлекет менен эл кор болбошу, бөөдө бечаралардын каны төгүлбөшү керек, Бул окуядан бийлик дагы, Атамбаев дагы туура жыйынтык чыгарышы зарыл. Булар кандын төгүлүшүн күттү беле? Мына кан төгүлүп, чырактай жигит өмүрү менен кош айтышты. Эми экөө тең туура жыйынтык чыгарышы шарт. Болбосо аларга баш ийбеген күчтөр өз чечимин чыгарып коёт.

– Кырдаалды жөнгө салуунун кандай жолдору бар?

-Биринчи кезекте Атамбаев тдрапташтарын айтып туруп, таратышы керек. Тергөөгө келип, ошол жерден күнөөсүз экенин далилдебесе, Атамбаевди соттон башка эч нерсе актай албайт. Ошон үчүн жаш балага окшоп элди щит кылбай, акталуунун жолун издегени оң болот. Сооронбай Жээнбеков да кимдерге ишенип, кимдер менен иштешип жатканын түшүнүп, тийиштүү чечимин кабыл алышы керек. Анткени кесипкөй адамдарды кызматка тартпаганынын кесепетинен минтип башаламандык орун алып адамдардын каны төгүлдү. Тергөөгө чакыра албаса же иш козгогондон кийин аягына чыгара албаган тергөө органдарын кызматтан кетириши керек. Ошондой эле ишин профессионалдуу аткара албаган күч органдарын да кызматтан четтетиши зарыл. Тактап айтканда УКМКсын, Баш прокурорун жана Атамбаевди кармап келүү операциясына баргандардын баарын кызматтан айдашы керек. Мен билгени алар бир жылга чукул убактан бери баштаган ишинин аягына чыгыша алган жок.

– Кой-Таштагы окуядан каза болгон жана жарадар болгондордун жоопкерчилиги кимдин мойнунда болушу керек?

– Каза болгон жана жарадар болгондордун жоопкерчилиги Атамбаев менен бийликтин мойнунда болот. Анткени Атамбаев өзүнүн кызыкчылыгы үчүн элди щит кылып колдонбошу керек эле. Тескерисинче, эл коргоп жатса да кетирип, менин күнөөм жок. Соттон ак экенимди далилдейм деп тарапташтарын сотко келгиле деп, сотко чакырышы керек болчу. Бийлик эл щит болуп жатканын көргөндөн кийин профессионалдык жол менен мамиле кылып, алар Атамбаевди кармоо операциясын уюштурабыз деген жерде күнөөсүз эл, жаш балдар бар экенин эске алып, курал колдонуп ок чыгарбай эле профессионалдуу операция жүргүзүшү керек болчу. Бул жерден курал колдонуп бийликтегилер аша чаап кетти.

– Бийлик күч колдонуп ок чыгарып кан төккөнү менен Атамбаевди алып келе алган жок го? Бул окуя бийликтин алсыздыгын көрсөтүп койгон жокпу?

– Бийлик алсыз экенин көрсөттү. Анткени Жээнбековдо команда жок. Бийликте Атамбаевдин парламенти, Атамбаевдин өкмөтү отурат. Эгерде президент мамлекетти дүйнө жүзүнө шерменде кылбайм десе өкмөттү да, укук коргоо органдарын да кетирип туруп, чыныгы профессионалдардан командасын кураш керек. Шайлоодо жардам берген деп отура бербеши керек. Иштей турган адамдарды кызматка тартпаса мындай катачылыктардан башы чыкпай калат. Ошон үчүн тез арада мыйзам чегинде иш кылган, иштин көзүн таба турган адамдарды алып келиши керек. Антпесе бул маселе чечилбейт. Керек болсо, тереңдеп отуруп, дагы бир жолу кан төгүлүп «алышы ыктымал. Ошон үчүн экөө тең акылга келип кан төгүүдөн жыйынтык чыгарышы керек. Чыгара алышпаса жогоруда айткандай экөөнүн кийлигишүүсү жок жыйынтык чыгара турган күчтөр ишке киришип кетет.

– Ал кайсы күч?

– Ал Кыргызстандын эли. Кыргыздар чыдайт. Чыдамы түгөнгөндө кантип президенттердин эсебин берип койгонун өздөрү да билбей калат. Ошон үчүн экөө тең акылга келиши керек. Эгер тирешин уланта берсе, кайсы күнү качкан президенттердин артынан кантип барып калганын түшүнбөй калышат.

– Демек, бул окуянын орун алганы үчүн парламент токтоосуз отставкага кетиши керекпи?

– Ооба, анткени кырдаалдын курчушуна салым кошкондордун бири парламент болду. Парламент бул окуяга саясий, моралдык күнөөсү бар экенин мойнуна алышы керек. “Чимкирик парламент” деп койсо эле арданып, Конституцияда жок нерселерди жасап Атамбаевге айып тагып, кырдаалдын курчушуна салым кошушканы үчүн өздөрүнүн ишин сын көз менен карап, жоопкерчиликти мойнуна алып өздөрүн таркатуу маселесин көтөрүшү керек. Себеби Башкы прокурорду жана өкмөттү ушул парламент дайындаган. Атамбаевге алты айыпты да ушулар койгон, кол тийбестигин алып, чоң катачылыктарга жол берди. Чынында Атамбаев уюштуруучу болсо, аткаруучулар депутаттар өздөрү болгон. Өздөрүн сактап калып, бардык күнөөнү Атамбаевге оодара салышты. Эми абийирлери болсо чукул сессияда биздин саясий жоопкерчилигибиз бар деп өздөрүн өздөрү таркатышы керек. Ошон үчүн отставкага кетиши керек.

– Парламенттеги депутаттар өздөрүн өздөрү сыйлап, тарап кеткенге эрки, күчү жетеби?

– Алардын кеткенге эрки, күчү жетпесе, тоо бүркүтүндөй, карышкыр мүнөз кыргыздар чыдамы жеткенде эсебин берип коёт.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: