Menu

Фото – Алмаз Атамбаевдин өзүнүн ок атууучу 11 куралы болгон, андан сырткары УКМКнын жоокерлеринен 7 курал тартып алышкан

Бөлүшүү:

2019-жылдын 8-августунда Аламүдун районундагы Кой Таш айылында мурдагы президент А.Атамбаев ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалгандан кийин, анын үйүн кароо учурунда ар кандай ок атуучу курал жарактар жана ок дарылар милиция кызматкерлери тарабынан алынды. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Алардын ичинен А.Атамбаевдин үйүнөн алынган куралдар:

-СВД сайлуу ок атуучу куралы магазини менен,

-ZOLI -300 маркасындагы ок атуучу курал,

-СКС сайлуу карабин мылтыгы,

-12 калибрдеги сайсыз “Сайга 20 С” мылтыгы,

-“Progress”маркасындагы сайсыз ок атуучу курал,

-“Капрал” автоматтык сайсыз ок атуучу куралы магазини менен,

-ТТ маркасындагы сыйлыкка алган сайлуу 7,62 калибрлүү пистолет эки магазини менен,

-CN 100 маркасындагы 9-калибрдеги 2 пистолет,

-“Fabarm”маркасындагы ок атуучу курал,

-ТОЗ маркасындагы 12 калибрдеги кош ооз сайсыз мылтыгы алынды.

Жалпы жонунан 11 даана курал жана ок дарылар алынды.
Андан сырткары УКМКнын ыкчам тез аракеттенүүчү отрядынын кызматкерлеринен тартылып алынган 12 калибрдеги резина ок менен атылуучу 7 помпо куралы алынды.


Учурда бардык алынган куралдар боюнча атайын криминалисттик экспертизалар жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: