Бүгүн, 11-августта болжол менен саат 12:00 чамасында УКМКнын кызматкерлери КСДПнын мүчөсү жана “Ачык саясат” гезитинин редактору Назгүл Мамытова менен анын жубайы Фархад Борукеевди УКМКга суракка алып кетишкен. Бул тууралу Назгүл Мамытова сурактан чыккандан кийин өзү билдирди.
“Азыр УКМКга 4 сааттай сурак берип чыктык. Эми ИИМдин Тергөө башкармалыгына алып баратышат. 7-август күнү Кой-Ташта Алмаз Атамбаевди кармоо операциясы башталганда менин жубайым Фархад Борукеев билбей эле лекция укканы барып калган экен. Анан видеолорго жана фотолорго түшүп калыптыр. Аны мага өчү бар бирөөлөр эки-үч күндөн бери фейсбуктан таратып жатышат. Бул эмнеге камалбайт деп. Анан ошол 7-августтагы окуялар боюнча суракка алып жатышат”, – деди Назгүл Мамытова.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ