Menu

Азамат Арапбаев ысытылган тамеки менен маӊзат камтылган суюктуктарга акциз киргизүү демилгесин көтөрүүдө

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети депутат Азамат Арапбаев тарабынан демилгеленген 2019-2012-жылдар аралыгында ысытылган тамеки менен курамында маӊзат камтылган суюктуктарга акциздик алымдарды киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечинин айтымында, акыркы мезгилде өлкө аймагына ысытылган тамеки менен курамында маӊзат камтылган суюктуктардын көлөмү көбөйдү. Ошондон улам, мындай заттарга акция киргизүү зарылдыгы бар. «Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, акциз 2019-жылдын июль айынан тарта киргизилүүгө тийиш. Тилекке каршы, Салык кызматында да, Бажы кызматында да өлкө аймагына ташылып кирген ысытылган тамеки менен курамында маӊзат камтылган суюктуктардын көлөмү жөнүндө так маалымат жок», – деди ал.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: