Ысык-Ата районунда 16 жаштагы кыз телефон кубатын пайдаланып, өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Алардын айтымында, 16 жаштагы кыз Чүй облустук ооруканасына жаткырылды. Анын мойнунда муунтуу белгилери болгон.
Маалым болгондой, Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын 16 жаштагы тургуну Б.М., уюлдук телефондун зарядын алып, өз жанын кыюуга аракет кылган. Бирок аны өз убагында байкашып, ооруканага жаткырышкан.
Белгилей кетсек, 2020-жылы 26-августта Ысык-Ата районунда 12 жаштагы өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. Буга чейин, 2020-жылы 11-апрелде, ушул эле Ысык-Ата районундагы дагы бир 16 жаштагы кыз өз үйүнүн дааратканасында өз жанын кыюуга аракет кылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ