Ош облусунун Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча финансы полициясы тарабынан паспорт берүү учурунда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаранга мыйзамсыз паспорт берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда ЭККМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2018-жылы Өзбекстан Республикасынын жараны Хомидов Нематжон Сомиевичке Ош облусунун Кара-Суу шаарына каттоого тургузуу менен КРнын жаранынын паспорту берилгендиги аныкталган.
Бирок, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, паспорт алган учурда аталган чет өлкөлүк жаран чет өлкөдө болуп, 7 жылдан бери өлкө аймагына кирбей жүргөнү белгилүү болгон.
Мындан тышкары, бул жаран, Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жана Өзбекстан Республикасында Өзбекстан Республикасынын Жазык кодексинин 159-беренесинин 3-бөлүгүнүн А пункту (Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу) боюнча соттолгон, жаза өтөө чарасы – камакка алуу болуп саналат.
Бул факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 330-беренесинде (паспортту мыйзамсыз берүү) каралган кылмыш белгилери боюнча катталган.
Азыркы убакта, бул иш тергелип жатат, ушул сыяктуу паспортторду мыйзамсыз берген фактылар аныкталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ