Menu

Айбек Бусурманкулов: “Жерүй” алтын кени боюнча Кыргызстан менен инвестордун ортосундагы Башкы келишим түзүлгөн эмес!

Бөлүшүү:

2015-жылы Атамбаев президент, Темир Сариев премьер-министр болуп турганда $5 млрд алтыны бар Жерүй алтын кенин Бабанов ээрчитип келген Россиялык чечен бизнесмендерине $100 млн акчага, Кыргызстанга алтындан 1% үлүш калтырбай сатып, тынчытышкан аферанын бетин элдик комиссия ача баштады:

АлТын мафиясы. Жерүй. Келишим.

Жерүй алтын кени боюнча Кыргыз Өкмөтү менен “Альянс Алтын” ЖЧК ортосунда Башкы келишим түзүлгөн эмес! Ошентип 5 млрд. долларлык алтындын кору бар Жерүй алтын кенин болгону 4 барактан турган лицензиялык келишим менен чет элдик инвесторго берип койгон. Лицензияга геология агенттигинин директору Д. Зилалиев, ал эми лицензиялык келишимге орун басары У. Рыскулов кол коюшкан. Булардын жоопкерчилиги каралыш керек. Жерүй алтын кенинде Кыргыз Мамлекетинин кызыкчылыгы эске алынган эмес. КР үлүшү – 0%.

Негизи Кыргыз мамлекетинин иштеткенге толук мүмкүнчүлүгү болгон. Мисалы, Өзбекстанда 100 млрд. долларлык Мурунтау алтын кенин мамлекет 100% өзү иштетет.

Азыркы бийлик эски бийликтин катасын оңдоп Жерүй алтын кенин кыргыз элинин пайдасына чечиш керек.

Элдин байлыгы – элге!

   

 

Айбек Бусурманкулов, Жер үй алтын кени боюнча элдик комиссиянын төрагасы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: