Menu

Камчыбек Жолдошев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Аскар Салымбековду футболчуларга чаптап, мактаганыбыз туура эмес”

Бөлүшүү:

-Футболду көрдүңүзбү? “Жеңилдик, бирок жеңдик” деп жатышат баары. “Ак шумкарлар” татыктуу жеңилдиби?

– Футболду сөзсүз көрөм мен, калтырбайм. Мени сүйүнткөнү, спорт тармагыбыз мурунку жылдарга караганда кыйла өсүп калганы. Кыргызстандын футбол курама командасы мурда-кийин уткан эмес. Филиппинди утканы чоң жетишкендик. Чейрек финалга чыгуунун өзү сыймык. Арабдарды да утуп салмакпыз, аба ырайы тоскоолдук жаратып койду. Араб Эмираттары ысык жер. Биздикилер адаптация болгон эмес.

– Утулуп калууга аба ырайы таасир этти деп ойлойсузбу?

– Аба ырайы жүз пайыз таасир этти. Спортто ушундай. Мен спортту жакшы тушүнөм. Анан дагы утушка негизги түрткү болгон жагдай – бул Кыргызстанда футболдун өнүгүшү, дегеле спорттун өнүгүшү адистердин жакшы иштей баштаганынан, бюджеттен акча бөлүнө баштаганынан, алардын туура пайдаланыла баштагандыгынан кабар берет. «Азиянын кубогун албай калдык» деп кайгырбайлы. Ушул оюн кадимкидей дем берди. «Ак шумкарлар» үмүттү акташты.

– Коомчулукта курама команданын жетишкендигин Аскар Салымбековдун эмгеги катары баалап жатышат. Сиз кандай ойлойсуз?

-Жалгыз эле анын эмегеги эмес. Курама командада канча оюнчу жүрөт, ошолордун кызылдай эмгеги го? Футболчулар эле эмес, спорттун башка түрлөрүнөн да утуп жатышпайбы. Аскар Салымбеков баарына эле салым кошуп жатыптырбы эмне?!. Анын атын футболчуларга чаптап, мактаганыбыз туура эмес. Ал жүргөн бир пенде, мен аны бизнеске үйрөтүп, адам катары элге кошком. Мага рахмат айтсын!

– Кытайлык калысты сөгүп жатышат. Ал тартып койдубу?

-Туура эле калыстык кылдыал. Аны “калыс болгон жок” деп айтканга болбойт. Анан да кытайлык калыс арабдарга неге тартмак эле? Тартса, оюн Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жатканы үчүн бир аз тарткандыр. Кыргызстанда өтсө, бизге да тартмак.

– Өзүңүз спорттун кайсы түрүнө кызыгасыз?

– Мен өзүм волейбол боюнча Кыргызстандын курама командасында ойногом. Күрөштүн түрлөрүнө да кызыгам. Мага окшоп күрөшкө кызыккан жаш балдар көбөйүп жатат. Күрөш түрлөрү боюнча 5 дүйнө чемпиону, 40тан ашык күмүш, коло медаль ээлери бар. Бул – өлкөнүн сыймыгы катары эсептейм. Спортко маани берген өлкөнүн келечеги жарык.

– Кыргызстан спорттун кайсы түрүнө басым коюп, өнүктүрүш керек?

– Ушул эле күрөштүн түрлөрүн, дзюдону өнүктүрүш керек. Таза жеңиш ушул жакта. Кыргызстандын атмосферасы дагы буларга ылайыкгашкан. Шарт бар. Олимпиадалык чемпионаттарга катышканда жеңишсиз кайтпайбыз. Ал эми баскетбол, волейбол, футболго узун бойлуу болуу керек. Мына мендей болуш керек да. А бирок, кыргыздар жапалдаш келип, күрөшкө ылайыктуубуз. Антсе да, биздин балдар боюна жараша салмактуу, күчтүү, энергиялуу келишет.

– Кыргызстандын футбол курама командасы 200 миң доллар капчыкка салып келе жатышат. Мындай байгени биринчи жолу алып жатсак керек…

– Ал 200 миң доллардын эсеп-чоту бар. Командадагы ар бир оюнчуга гонорар төлөнөт. Федерацияга бөлүнөт, командага формаларды алышат. Андан тышкары, машыктыруучунун акысы бар. Ооба, мындай суммадагы байгени биринчи жолу уттук. Каражат жакшы, оюнчуларга дем-күч берет да.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: