Menu

Жогорку Кеңеш делегациясы Олий Мажилистин Мыйзам чыгаруу палатасынын иши менен таанышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Өзбекстандын Олий Мажилисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын иши менен таанышты. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Палатанын Төрагасы Нурдинжон Исмоилов жолугушуу учурунда мыйзам чыгаруу органынын ишмердүүлүгү, комитеттердин иш милдети жана Өкмөт менен парламенттин ортосундагы кызматташуу тууралуу айтып берди. “Бул багыттан алганда сиздердин парламенттин тажрыйбасы абдан чоң экенин билебиз”, – деди Н.Исмоилов.

Өз кезегинде Төрага Д.Жумабеков кесиптешин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырып, эки өлкөнүн парламенттери бири-бири менен тыгыз байланыш куруу аркылуу мамлекеттер аралык карым-катышты жакшыртууга шарт түзөөрүн белгиледи. “Тилибиз, маданиятыбыз, тарыхыбыз бир элбиз.  Президенттерибиз чек ара маселелерин чечип, эки элдин мындан ары дагы жакындашуусуна эшик ачты. Биз эми ошол достугубузга көпүрө болуп берели. Бийлик өкүлдөрү катары карапайым калкыбызга шарт түзүп берсек, соода-сатык, карым-катыштар мындан дагы бекем болот”, – деди Жогорку Кеңештин Төрагасы.

Олий Мажилистин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нурдинжон Исмоилов Өзбек парламенти Кыргыз парламенти менен ар тараптуу кызматташууга даяр экенин белгилеп, жакында Бишкекте жогорку деңгээлде өткөн ТүркПА жыйынына байкоочу катары чакырылгандыктары үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация эки күндүк расмий сапары менен Өзбекстанда жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар Алмасбек Акматов, Азизбек Турсунбаев, Мурадыл Мадеминов, Алярбек Абжалиев, Камчыбек Жолдошбаев, Бакирдин Субанбеков, Сайдулла Нышанов жана Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыков бар. Расмий сапары учурунда Жогорку Кеңештин Төрагасы  Дастанбек Жумабеков Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы парламенттер аралык кызматташууну жандандырууга багытталган документтерге кол коеру күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: