Menu

Улукбек Ормонов, ЖК депутаты: “Элдин саламаттыгын сактоого бюджеттен жыл сайын 70 миллион сом бөлүнөт, бирок өкмөт министрликке анын 10 миллион сомун гана берип жатат, калганы каякта?”

Бөлүшүү:

“Эл арасында бөйрөк, боор оорулары менен ооругандар көбөйүп баратат. Республикалык бюджеттен жарандардын саламаттыгын сактоого деп каралган 70 миллион сомдун ордуна, жылына 10 миллион сом гана бөлүнүп жатат. Анын кесепетинен, тиешелүү жабдуулар, дары-дармектер алынбай, бир топ адамдар өмүрү менен кош айтышып кетүүдө. Ошондуктан бул маселеге олуттуу карап, бюджетте каралган каражатты толугу менен каржылоо керек”, – деп билдирди бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында “Бир бол” фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов.

Депутат Музаффар Исаков өлкөнүн түштүк регионунда бөйрөк оорусу боюнча болгону 4 гана диализ аппараты бар экенин айтып, алардын санын дагы көбөйтүүнү Өкмөткө сунуш кылды. Гемодиализ тартыштыгы көйгөйүн депутат Тазабек Икрамов дагы улап, бөйрөк оорулуулардын башкы маселесине айланган бул жабдууну сатып алууга кошумча каражатты аткаруу бийлиги табышы керек дейт.

Ош облусунун Өзгөн районундагы оорукананын терапия, төрөт бөлүмдөрү 1960-жылдары фин тибиндеги курулуш менен курулган. Бүгүн бул имараттар эскилиги жетип, шыбынан тамчы таап турат. Бул тууралуу маселе көтөргөн депутат Курманкул Зулушев 2017-жылдын бюджетине аталган бөлүмдөргө жаңы имарат куруу маселесин киргизүүнү сунуш кылды.Ош облусундагы облустар аралык ооруканада балдар онкологиясы бөлүмү ачылган. Бирок бүгүнкү күндө бул бөлүмдүн тиешелүү лабораториясы, кадрлары жок, борбор калаадан телефон аркылуу консультациялар берилип келет. Мындай маалыматты ортого салган депутат Альфия Самигулина аталган көйгөйгө көңүл бурууну Өкмөткө, тиешелүү министрликке багыттады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: