Menu

Рада Туманбаева, “Республика – Ата-Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Кредит алган министрликтерди азыртан текшерип чыгуу шарт”

Бөлүшүү:

– Рада Мураталыевна, Жогорку Кеңеште Бишкек ТЭЦине алынган кредиттер маселеси талкууланып жатканда, сиз ратификацияланган баардык кредиттик келишимдерди инвентаризация кылып чыгууну сунуштадыңыз. Ошондой зарылчылык бар деп эсептейсизби?

– Төрт жылдын ичинде биз Жогорку Кеңештен 49 ратификациялык келишим өткөрүптүрбүз. Анын негизинде 1 млрд. 965 млн. долларды ратификациялап жатабыз. Ошон үчүн ТЭЦ маселесин карап жатканда, мен былтыркыдай ызы-чууга жеткизбестен, кредит алган министрликтерди азыртан карап, тендер туура өткөн-өтпөгөнүн, сатып алуулар кандай жүргүзүлгөндүгүн изилдеп чыгууну сунуштадым. Ошонун баарын изилдеп чыксак, биз мындай көйгөйгө кабылбайбыз. Келтирилген чыгым 111 млн. доллар деп атат. Кечирип коюңуздар, мыйзам боюнча күнөөлүүлөрдү абакка камап, үй мүлкүн конфискацияласа дагы келтирилген чыгымга жетпейт. Ошондуктан, азыртан баштап текшерүү керек. Себеби, алынган кредиттердин баары биздин элибиздин мойнунда турат. Он жылдан кийин аны төлөй башташыбыз керек. Эгер азыр инвентаризация жасасак, алынган кредиттер кайсы жерде туура эмес пайдаланылып жатканы билинмек.

– Кредиттик келишимдердин ичинен кайсынысына өзгөчө көңүл буруш керек деп ойлойсуз?

– Мен ойлойм, кредитти эң көп пайдаланган транспорт министрлиги болуп атат. Акыркы учурларда айыл жана суу чарба министрлиги да көп кредиттерди алууда. Негизи кайсы министрлик, же ведомство кредит алса, бир сыйра текшерип чыгуу зарыл. ТЭЦтеги көйгөйлөр кайра кайталанбасы үчүн.

– Жогорку Кеңеш жасаш керекпи бул ишти?

– Коммиссия түзүлөт го… Парламент депутаттарынан, укук коргоо органдарынын, ар кайсы министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнөн комиссия түзүп, карап чыгыш керек.

 Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: