Menu

Жээнбеков татыктуу кадр саясатын тандай алса, бүгүнкү саясый козуткучтар четке сүрүлөт

Бөлүшүү:

Бийликтен кеткен Алмазбек Атамбаев жөн жатпай кадр саясатына кийлигишип, таасир талашуу менен өлкөдө кандайдыр бир туруксуздукту жаратуу аракетин кылып аткандай. Президенттик аппарат менен өкмөт тирешүүгө кептелсе, ал эми парламент ичинде бөлүнүп-жарылуу күчөдү. Албетте, мындай шартта Кыргызстандагы ансыз да эңшерилген экономикалык көрсөткүчтөр артка кетет. Ал эми өндүрүш тармагынын өксүгүн, социалдык көйгөйлөрдү айтпай эле коёлу. Жалпысынан алганда, Сапар Исаковдун өкмөтү элибизге татыктуу жашоо-шарт түзмөк турсун, кадр саясатынын «иригени», коррупцияга шектелген долбоорлору, чыр-чатактуу ишмердиктери менен элдин ишениминен чыгып бүттү.

Ооба, Сооронбай Жээнбековго кыйла тоскоолдуктар болуп атканын баарыбыз эле көрүп турабыз. Ал элдин ишеничине ээ болгон президент катары, ант бергенин жогору тутуп, таза жана адилеттүү иштөөгө аракетин баштады. Коррупцияга каршы күрөшүүнү катуу талап катары коюп, ошол эле маалда карапайым элдин укугун коргоого, жалпы жашоону жакшыртууга күнү-түнү иштеп атат. Алгач аппарат башчысына Мухамметкалый Абулгазиевди дайындап, туура тандоо жасады. Себеби, Абулгазиев саясый интригалардан өзүн алыс кармап, дараметин иш менен көрсөткөн кадр катары коомчулукка алынып калды. Ошого катар УКМКнын 1-орун басары – АКС башчысы Сагынбек Исмаилов, дагы башка орун басарлары Идрис Кадыркулов менен Токтосун Сабыровдун дайындалышы булганбаган күч кызматкерлери катары туура бааланууда.

Мындан ары эмне кылуу керек? Президент Конституциянын гаранты катары, элдин түйшүгүн көтөрүүдө кадр саясатына таянып, жаңылбашы шарт. Алдыда башкы прокурорду, УКМК төрагасын дайындоо жана илең-салаң болгон, кете турган өкмөттүн курамын кароодо түндүк-түштүк балансын сактап, таза, тажрыйбалуу кадрларды тартууга мезгил келди. Мындай шартта профессионал адистиктерин эске алып, о.э. регионалдык тең салмактуулукту тутунуу менен сунуш кыла турган персоналарды атайлы. Маселен, Мыктыбек Абдылдаев, Аликбек Жекшенкулов, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев, Райым Матраимов, Жеңиш Жоробеков, Марат Иманкулов, Мамасадык Бакиров, Улукбек Кочкоров ж.б. Ооба, элге төбөсү көрүнгөн тың-чыкмалар үчүн кызмат орду жетиштүү, бирок, ошол берилген ишенимди татыктуу түрдө аркалоо машакаты бар. Тизме дагы уланса керек…

Мамлекет башчысы кадр саясатынан жаңылбай, эл үчүн чын дилден ишмердигин далилдей алса, бүгүнкү саясый оюндардын мааниси жоголот. «Атамбаевчи реваншисттерге» коомчулук өз баасын берүү менен аларды уяткарып коёру ажеп эмес. Андыктан, жакынкы күндөрдө Сооронбай Жээнбеков үчүн чоң мумкүнчүлүктөр жаралууда. Албетте, тандоо чоң роль ойнойт…

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: