Menu

Байымбет Мураталиевдин баласы Бакытбек да камакка алынды

Бөлүшүү:

Мамлекеттик мулк фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков эки кун мурун кармалып, бугун №1 СИЗОго которулган. Эми анын артынан ошол кездеги орун басары Бакытбек Мураталиев кечээ куну кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгени ИИМден маалым болду. Мураталиевге баштапкы баасы 242 миллион сомду түзгөн Бакиевдердин VIP-шаарчасынын 142 миллион сомго сатылып кеткен боюнча кылмыш иши козголгон. Эске сала кетсек, бул кылмыш ишти эң биринчи болуп депутат Алмамбет Шыкмаматов айтып чыккан.

Бакытбек Мураталиев бул кызматка 2017-жылы (ага чейин Нарындын губернатору Аманбай Кайыповдун бир тууган карындашы Назгул Кайыпова иштеп турган) келген. Анын атасы Байымбет Мураталиев Акаев доорунан бери чоң кызматтарда иштеп келет. Ветеринария департаментин башкарган, Айыл чарба министринин орун басары, Таласта губернатор болгон. Учурда да бул министрликте жооптуу кызматта иштейт. Ал эми Байымбет аксакалдын иниси Марат өткөн жылдын этегинде Талас облусуна губернатор болуп дайындалган. Баласына минтип кылмыш иши козголуп жатса, Байымбет аксакалга деле жакшы эмес. Эми моралдык укугум жок деп генерал Талант Исаевден улгу алып ээлеп турган кызматынан кетсе керек… Бул маселе Бакытбектин Таластагы губернатор байкеси Марат Мураталиевге деле тиешеси бар десек болчудай… Бакиевдердин үй-бүлөсүнө таандык VIP-шаарчага тийиштуу козголгон кылмыш иштин алкагында ЖЧКлардын биринин директору Сергей Дибров да кармалды. Ал убагында аталган шаарчанын баасын аныктап берген

Булак: “Багыт

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: