Таласта Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн төкмө акындардын айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Республикалык “Айтыш” коомдук фондунан кабарлады.
Кара кылды как жарган калыстардын чечиминин жыйынтыгында баш байге “Сары кашка” акын аталган Амантай Кутманалиевге ыйгарылып, 200 миң сом менен сыйлынды.
Ал эми 1-орунга Баян Акматов татыктуу болуп 150 миң сом ыйгарылды.
2-орунга татыктуу болгон акындар — Абдылда Нуралиев менен Асылбек Маратов 80 миң сом менен сыйланышты.
Ошондой эле 3-орунду алган Кадырбек Бейшенов 50 миң сомго ээ болду.
Мындан сырткары, дагы 10 акынга 20 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ